Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 04:06

КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМА: ПРЕЗИДЕНТ АЙРЫЛЫШ ЖОЛДОБУ?


30-декабрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясы ушул аптанын башкы көйгөйү болду. Майрам күндөргө тушуккан бул окуянын айланасында талкуу уланган жок, саясий чөйрө апта бою күтүү ыңгайында турду. Талдоочулар болсо саясий кырдаалдын курчуп кетүү ыктымалдыгын болжоп жатышат.

30-декабрда 50 депутаттын колдоосу менен Жогорку Кеңеште кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясын эртеси төрага Марат Султанов президенттин карамагына жөнөткөн. Президенттик администрациянын юридика бөлүмүнүн маалыматына караганда, президент Курманбек Бакиев баш мыйзамдын юридикалык оош-кыйыштарын карап жатат, бирок, качан кол коюлары тууралуу маалымат айтыла элек.

Президенттин таламын жактаган саясатчылар Конституциянын жаңы редакциясы кабыл алынбаса оппозиция убакытты созуп отуруп, жазында кайрадан бийликти тартып алуу аракетин жасамак дешет. Ошондуктан, алар колундагы баш мыйзамга президенттин кол коюушуна тилектеш. Алардын бири Топчубек Тургуналиев азыркы Конституцияны тараптардын макулдугу менен кабыл алынган төп мыйзам катары баалады.

Бирок, президенттин оппоненттери Конституциянын жаңы редакциясы зордукчулук, одоно мыйзам бузуу менен кабыл алынды дешет. 9-ноябрдагы саясий кырдаал менен азыркыны салыштырып, азыркы бийлик саясий чайкоочулукка барып жатат деген оппозиция саясий ырааттуулукка жол ачарына караманча ишенген жери жок. Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынаары менен дароо маалымат жыйынын уюштурган «Реформа үчүн!» кыймылына мүчө депутаттар президентти кескин сынга алышып, мындай кадамдарга кыймыл чыдамсыздык менен мамиле кыларын, мыйзам чегинде күрөштү улантарын белгилешкен. Оппозициянын айрым мүчөлөрү президент Бакиев баштаган азыркы бийлик өз аракеттери менен мамлекетти опурталдуу жолго баштап баратат деген көз караштарын да билдиришти.

Ушундай жагдайды эске алган кээ бир талдоочулардын баамында бийлик саясий туңгуюкка кептелди. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин пикиринде, Баш мыйзамга Кыргызстандагыдай мамиле дүйнө тарыхында өтө сейрек учурайт, мындай жагдайда талдоо жүргүзүү да кыйын:

- Бул саясий кырдаалды турукташтырыш өтө кыйын болуп калды азыр. Саясий кырдалды мурунку Конституциянын негизинде стабилдештирип алып кетсе болот эле. Бул жерде парламент да эки-үчкө бөлүнүп кетти. Эми дагы канчага бөлүнөт. Өкмөт болсо отставкада турат. Стабилдүүлүк болуп кетет деп айтыш кыйын. Тескерисинче, дестабилдешүүгө көп мүмкүнчүлүктөр түзүлүп калды.

Саясий баш аламандыктын артынан кооптонуп турган саясатчылардын бири - «Элет» саясий партиясынын лидери Накен Касиев:

- Эми оюн эмес да. Өткөндө эле кабыл алынгандан кийин кээ бир саясатчы, депутаттарыбыз айтты эле бул алтымыш-жетимиш жылга чейин иштеп бере турган мыкты Конституция болду деп. Анан бир ай өтпөй Конституцияга жаңы редакция кабыл алып жатышат. Ошондуктан, биз дагы саясатчылар маң болуп, айлабызды таппай турган кез.

Анткен менен, 30-декабрда кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясынын авторлору 9-ноябрда «Реформа үчүн!» кыймылынын демилгеси менен кабыл алынган Конституцияга түзөтүү киргизүү менен гана чектелгендигин байма-бай кайталашып, бул өлкөдөгү мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу максаты менен байланыштырып жатышат. Өз таасирин күчөтүү максатын көздөгөн оппоненттер атайылап көбүртүп-жабыртууда дешип, президент бийлигин күчөттү деген дооматты төгүнгө чыгарышууда. Алардын бири Конституциялык мыйзамдуулук комитетинин төрагасы Искак Масалиев депутаттардын баары эле парламентти президент таратат экен деген коркунучтан улам добуш бергенине ишенбейт.

- Балким негизи бардыр. Кээ бир депутаттар коркунучтан карап туруп добуш бергендир. Жеке менин позициям 9-ноябрда кабыл алган баш мыйзамдагы катачылыкты мойнубузга алып, биз ошону оңдошубуз керек деген позицияда турам.

Тараптардын көз караштарындагы карама-каршылыкты күчөткөн азыркы кырдаалды жумшартуу үчүн эмне кылуу керек деген маселе ар кимдин көңүлүндө турат. Маселен, таасирдүү саясатчылардын бири саналган депутат Кубатбек Байболовдун көз карашында азыр президент Конституциянын жаңы редакциясына кол койсо деле койбосо деле мөрөй ала албай турган жагдайга тушукту. Накен Касиев да ушуга үндөш көз карашта турат. Анын оюнда президент парламентке чейин барып, депутаттардын кыйласынын колдоосуна ээ болуп туруп, кол койбой койсо, ошончо саясатчыдан ажырашы толук ыктымал:

- Президенттин кол коюшу ыктымал. Бирок, кол койсо да, койбосо да медалдын эки жагы сыяктуу маселе чыгат. Кол койсо бул бир кыйынчылык болуп атат Жогорку Кеңешке да, кол койгон адамга да. Кол койбой койсо дагы кыйын болуп атат. Ошондуктан, мындай бир «пат» ахыбалында туруп атат.

24-март окуясынан кийинки президенттик шайлоо алдында тандем түзүп, ошондон бери премьер министрлик орунда келаткан Феликс Кулов Конституциянын жаңы редакциясына карата өз оюн айта элек. Анткен менен ал уюштурган «Арнамыс» саясий партиясынын лидери Эмил Алиев Конституциянын жаңы редакциясына кол коюуга каршы экенин билдирди. Ал азыркы парламенттин таратмайынча саясий стабилдүүлүктү сактоого болбойт дейт. 30-декабрда ишин баштаган коопсуздук кеңешинин отурумунун экинчи баскычы ушул ай ичи өтөрү күтүлүүдө. Президент кеңеш отуруму башталаар алдында парламентте билдиргенине караганда, анда парламенттин тагдыры чечилиши керек эле:

- Мен жашырбай эле коеюн, Коопсуздук Кеңешинин бүгүнкү отурумунда парламенттин мындан аркы тагдырын кантип чечүү маселесин карашыбыз керек. Биз баарыбыз акыркы күндөрү жакшы иштээрибизден, майрамды таза жүзүбүз менен тосуп алаарыбыздан, милдеттерибизди аткарарыбыздан үмүтүм бар. Мындан башка тыянакты каалабас элем. Ошондуктан, мен бүгүн Конституциялык Соттун төрайымы, сизден бүгүн кимде кандай маселе бар, бардык жагдайларды караштыруу максатында парламентке келип катышууңузду, азыркы жагдайдан чыгууну каалайм.

Эксперттердин кээ бири Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу аркылуу парламент өзүн сактап калды дегени менен, президенттин маалымат кызматы бул маселе күн тартибинде турганын кыйытты. Айрылыш жолдо турган президент Конституцияга кол коюп, парламентти сактап калабы же экинчи жолду тандап алабы, бул коомдук-саясий кырдаалга кандай таасир этет? Бул өңдүү суроолор учурда саясатка кыйыр же тикелей тиешеси бар бардык жарандардын баш оорусуна айланууда.

Эгер президент азыркы Конституцияга кол койсо «Эмне үчүн 9-ноябрдагы Конституцияга кол койду?» деген суроо сөзсүз туулат дейт саясат таануучу Бакыт Бешимов. Анын баамында, чамасы чак саясий элитанын чабалдыгы бүгүнкү өлкөнү ушул абалга кирептер кылып койду. Аймактык жана саясий кызыкчылыктарга бириккен саясий топтордун Кыргызстандын мүлкүн өз кызыкчылыгына пайдалануу аракеттеринин арты ушуга келди деген саясат таануучунун оюнда «сен жеңдиң же мен жеңдим» деген принцип менен абалды оңдоо мүмкүн эмес:

- Менимче, азыркы учурда Конституцияга кол койбой эле тиешелүү саясат жүргүзүш керек. Ал кандай саясат? Мисалы, 9-ноябрда кабыл алынган Конституцияга карата тиешелүү топторду түзүп, парламент менен карама-каршылыктарды, жаңы Конституцияга карата кээ бир тирешүүлөрдү өз ордуна цивилизация жолу менен салса болот. Андай мүмкүнчүлүк турат. Ошону менен оптималдуу деп эсептейм. Эгер бир тарап утту, экинчи тарап утулду десек жазында кайрадан эле баягы тополоң, баягы массалык митингдер башталат. Эмне үчүн дегенде ошого жол ачылып кетпедиби.

Бакыт Бешимовдун айтымында, азыркы бийлик 2-ноябрдагы мөөнөтсүз митингдин алдында түзүлгөн мындай мүмкүнчүлүктү бийлик пайдалана албай калган. Экинчи ирет түзүлгөн азыркы жагдайда конфронтацияга баруудан саясий күчтөр эмес, ириде президент өзү утулат:

- Конфронтацияга барып, эки бийлик бутагынын ортосундагы тирешүүнү күчөткөндөн тигилер да булар да ута албайт. Жалпы элге кыйын болуп калат. Эмне үчүн? Кыргызстан жалпы митингдердин майданына айланып калат. Ошондо биздин экономикалык абалыбыз да, саясий стабилдүүлүгүбүз да караманча бузулат. Бизге керекпи ошол нерсе.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясы кабыл алынаары менен майрымдарга байланыштуу бир апталык эс алууга кеткен парламент 8-январдагы алгачкы отурумун дал ушул Конституциянын жаңы редакциясына байланышкан талаштан баштаары күтүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG