Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

СПОРТ ЖЫЛДЫЗЫ РААТБЕК САНАТБАЕВ ЖАРЫК ДҮЙНӨДӨН ӨЧКӨНҮНӨ БИР ЖЫЛ ТОЛДУ


Былтыр 8-январда Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер, даңазалуу балбан Раатбек Санатбаевди Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылган менен бул кылмыштын бети алигиче ачылган жок.

Грек-рим күрөшүнөн өлкө боюнча ХХ-кылымдын эң мыкты балбаны аталган Раатбек Санатбаевдин жалданма киши өлтүргүчтүн огунан кайтыш болгонуна бир жыл болду. Раатбек спорт менен 22 жыл машыгып, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан балбан эле. Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын эки жолку чемпиону болуп, Азия оюндарында эки ирет күмүш байге уткан. Дүйнө чемпионатында коло медаль тагынып, Атланта жана Сидней олимпиадаларында өлкөнүн намысын коргогон. 13 ирет эл аралык Гран- при мелдештеринде жеңишке жетишкен. Спорттогу ийгиликтери «Даңк» медалы, Улуттук олимпиада комитетинин ордени менен бааланган. Чоң спорттон кеткенден бери өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директорунун орун басары болуу менен бирге ишкерчилик кылып алектенип келаткан.

Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан Раатбек 9 жашынан баштап грек-рим күрөшү менен машыкканын, адамкерчилиги бийик болгонун алгачкы устаты Тапанча палван Ибрагим Узаков эскерди:

-Раатбек мага 2-класста окуп жүргөндө келип, окуучулук кезинде эле жөндөмдүү балбан катары таанылган. Жаштар арасында өлкөнүн тандалма командасынын мүчөсү болгондо чоң спортто ийгилик жаратсын деп, Бишкектеги спорт мектебине алып келгем. Атасындай болуп калдым эле. Далай Гран- при мелдештерде Кыргызстандын намысын колдон чыгарбады. Эми эмне болуп, кандайча каза болгонун билбей турабыз. Душмандары деле жок болчу, элден карыз деле алган эмес экен. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Ушунтип баш көтөргөн жигиттерибизди четинен көзүн тазалап жок кыла беребизби? Деги мындай көрүнүш качан токтойт? Коңшу элдерге, чет жерге уят болуп, канатыбыз кайрылып турат. Раатбектин алдыга койгон максаттары арбын эле, аткарылбай калды..

Раатбектин эки ирет Азия чемпиону болушуна салым кошкон Казакстанга жана Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Эржан Ахметов "Алматыда калып иште, бизнеске аралаш, биз канаттууга кактырбайбыз десек, Раатбек Кыргызстандын туусун көтөрөм деп", Бишкекке баса бергенин арман кылып айтып жүрөт.

- Кыргызда таанымал инсандар саналуу гана. Алар: Чыңгыз Айтматов, Болот Шамшиев жана спорттон Талант Дүйшөбаев менен Раатбек Санатбаев. Ушундай эр азаматты сактай албай, ниети каралардын колунан бейажал тапканына ишенбей турам. Кыргызга мындай жигиттер керек эле, Раатбек дагы далай кызмат кылат болчу. Экөөбүз ага-ини бир туугандай болуп калдык эле, канатымдан айрылып, кан кусуп турам.

36 жаштагы спорт ишмери, маркум Раатбектин апасы Дилбар Санатбаева уулун жоктоп, боздоп ыйлап, мындай деген аманатын айткан эле.

- Раатбегим 22 жыл кыргыздын туусун көтөрүп, далай мамлекеттерде жеңиштерге жетишип, кыргыз өңүн таанытпады беле. Кандай канкордун колу барды, анын өмүрүн кыйууга? Артында эки уул, бир кызы калды. Атасындай элге кызмат кылган, элдин намысына жараган уул-кыз болушун тилейм. Анын атын өчүрбөй, уулдуу болсоңор Раатбек койгула, кыздуу болсоңор Рааткүл, Рааткан койгула. Мендей боздогон эне болбосун.

Спорт коомчулугу былтыр Раатбекти Улуттук олимпиада комитетинин жыйынында бул уюмдун мүчөлүгүнө көрсөтүп, жетекчи органына сунуштап жатышкан. Эгерде Улуттук олимпиада комитетине мүчө болуп шайланып калса, президенттикке талапкерлигин койсо спорт коомчулугу колдоп кетмек, ошондуктан анын жашоосуна айрым атаандаштары кыянатчылык кылды деген пикирлер да айтылып келди.

Тирүү кезинде Раатбек менен көп ирет кездешип, спорт тууралуу далай маек курчу элек. Бир ирет маркум Раатбек Санатбаев кыргыз спортун көтөрүү үчүн айыл спортуна көңүл буруу керектигин мындайча айтып берген эле:

-Биринчи кезекте айыл спортуна, айылдык жаштарга өзгөчө көңүл буруп, атайын программа кабыл алып, район, шаар жана айыл өкмөт башчыларын милдеттендирип койсо, кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда. Таланттуу жаштардын багы ачылбай келүүдө. Дене тарбия, спорт тууралуу мыйзам да чийки. Ага толуктоолорду киргизүү керек.

Өлкөнүн көркөм гимнастика федерациясынын президенти, мурдакы спорт министри Өкмөтбек Алмакүчүков Раатбектин адамкерчилиги бийик болгонун айтып, “анын өлүмүн саясатка байланыштырууга болбойт, тирүү болсо кыргыз спортуна зор салым кошуп, мыкты жетекчи чыкмак” дейт:

- Эми эмне болуп, кандайча каза болгону алигиче табышмак, себебин билбей турабыз. Душмандары деле жок болчу, элден карыз деле алган эмес экен. Ачык көңүл, жайдары, кең пейил жан эле. Ушунтип баш көтөргөн жигиттерибизди четинен көзүн тазалап жок кыла беребизби? Деги мындай көрүнүш качан токтойт? Раатбек бош убактысында спорт залга келип жаш балбандарга күрөш сырларын, ыкмаларын үйрөтүп турчу. Ал спорт менен гана жашап, жалын жаштыгын мекендин намысын коргоого жумшаган.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт агентигинин директорунун орун басары Алмаз Касеновдун айтымында быйыл күзүндө Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык мелдеш өткөрүлүп, Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районундагы спорт борборуна анын ысымы ыйгарылат:

-Анын өлүмүн саясатка байланыштырууга деле болбойт. Кыргыз спортун бийик көтөрүү менен бирге бизнес менен дагы алектенчү. Анын өлүмүнүн себептерин айтуу кыйын болуп турат. Раатбектин атын спорт мектептери, көчөлөргө ыйгарып, ысымын түбөлүккө калтырып, эл аралык мелдештерди өткөрүп туру үчүн демилгелер көтөрүлүүдө. Кузүндө эл аралык мелдеш өткөрүп, ФОКко анын атын беребиз.

Раатбектин жесири Сайра Санатбаеванын айтымында буйуртма менен өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишинин бети алигиче ачылбай турат.

Раатбектин ысымы өзү билим алган Жалалабаттагы мектебине жана ушул шаардагы спорт мектебине дагы ыйгарылды. Раатбек Санатбаевдин сөөгү былтыр курман айт күнү Бишкектеги Аларча көрүстөнгө коюлган. Жакында жубайы Сайра, уулдары Бексултан, Даулет, кызы Азема жана достору эстелигин коюшту.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG