Саддам Хусейнди дарга асуу алдындагы калпыстыкты ашкерелеген видеотасманын жарыяланышы- Ирактын өзүндө жана тыш өлкөлөрдө нааразылыктарды жараткан эле. Буга Британиянын финансы министри Гордон Браун да жекшемби күнү Би-би-си радиосуна берген интервьюда үн кошту:
-Биз эми болгон иштин толук картинасын билебиз. Биз аны өкүнүчтүү окуялар түрмөгү деп жыйынтыктай алабыз. Бул, албетте, кандайдыр бир деңгээлде Ирак өкмөтүнүн тынчсыздануусун билдирди жана бийликти уят кылды. Бул шииттер менен суннилер жамааты ортосундагы курч кырдаалды азайтууга эч кандай салым кошподу.
Уюлдук телефонга тартылган видотасма Саддамды дарга асуу алдында “Шайтанга бар” деген кыйкырыктар жана шиит диниятчысы Муктада ас-Садрдын ысмын айткан үндөр коштоп турганын ашкере кылган. Ошондой эле ирактык шиитер менен суннилер ортосундагы жааташууга чок таштап, премьер-министр Малики окуяны иликтөөнү буйруган.
Гордон Браундун артынан буга чейин үн чыгарбай турган Тони Блэр да өз пикирин билдирди. Жекшемби күнү түш ооп жасалган билдирүүдө, британ премьери Саддамды дарга асуу бүтүндөй натуура жол менен жүргүзүлдү деп санаары айтылат.
Иракта Саддамдын жазага тартууга байланыштуу суннилердин толкундоолору уланууда. Андай иш чаралардын бири жекшемби күнү Самара шаарындагы шииттер ыйык туткан ал-Аскар мечитинин жанында болду.
Өлкөдөгү кырдаал да курч бойдон калууда. Ирак армиясы кечээ күнкү Багаддагы кагылышууда 30 согушчул жок кылынганын, кыйнап өлтүрүлгөн 27 кишинин жасаты табылганын маалымдады. Ушул эле күнү Билим берүү министрлигинин жооптуу кызматкери аш-Шемарини коштоп бараткан автокербен Багдаддын ортолугунда бомбага кабылып, аш- Шемари аман калды.
АКШ армиясынын билдиришинче, акыркы күндөрү Иракта америкалык 5 аскер курман болгон.
Ирактагы америкалык күчтөрдүн командачысы Райсмонд Одерно кечээ күнкү билдирүүсүндө Иракта АКШ каалаган тынчтыкка жетүү үчүн дагы беш жыл керек деп, бирок, жакынкы айларда ирактык аскерлер Багдаддагы абалды көзөмөлдөп калат деген үмүтүн айтты.