Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

К. БАКИЕВ ПРЕМЬЕР-МИНИСТР КЫЗМАТЫНА КИМДИ КӨРГӨЗӨТ?


Премьер-министрдин кызматына талапкерди президент кийинки жумада көрсөтүшү мүмкүн. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун бүгүн айткан маалыматы боюнча, кийинки жумада парламент кароосуна премьер-министрдин талапкерлиги менен өкмөттүн структурасы киргизилиши керек. Жогорку Кеңеш 2006-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2007-жылдын бюджет долбоору, ХИПК, энергетика тармагын менчиктештирүү сыяктуу экономикалык маселелерди, мыйзамдолбоорлорун жаңы өкмөт дайындалгандан кийин караган жатат. Бүгүнкү жыйында бир катар депутаттар ушундай сунуштарды көтөрүштү. Депутаттар премьер-министрдин талапкерлиги киргизилгенге чейинки убакта президент каршы болуп кайтарып жиберген мыйзам долбоорлорун, эл аралык келишимдерди ратификациялоо маселелерин кароо менен алек болмокчу. Президент Курманбек Бакиев жаңы жыл алдында экономикалык, саясий мааниси чоң мыйзамдарды кабыл алууну создуктуруп жаткандыгы үчүн парламенттин ишин кескин сынга алып, аны таратуу керекпи же жокпу деген маселе Коопсуздук Кеңешинде талкууланып жатканын билдирген. Депутаттык корпус өз кезегинде Президентке Өкмөттү эртерек дайындоо керек деген сунуш менен чыгууда. Алардын жүйөөсүндө, 30-декабрда парламент кабыл алып берген Конституциянын жаңы редакциясы боюнча эми премьер-министрге талапкерди президент көрсөтө алат. Ошондуктан, саясий жүрүштүн кезеги президентке келди. (KCh)

XS
SM
MD
LG