Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:52

ТАШПОЛОТ БАЛТАБАЕВ: ПРЕЗИДЕНТ ЖЕКЕ БИЙЛИГИН КҮЧӨТҮП ЖАТКАНЫ АЙДАН АЧЫК


Маектешкен Улан Эшматов, Прага “Ата мекен” саясий партиясынын төрага орунбасары Ташболот Балтабаев, 30-декабрда Жогорку Кеңеш кабыл алган Конституциянын жаңы редакциясы Кыргызстанды алдыга жылдыра турган эмес, Президенттин жеке бийлигин күчөткөн, Кыргызстанды дагы бир туңкуюкка түртө турган абдан туура эмес чечим болду деп санайт.

- Жогорку Кеңеш 30–декабрда Конституциянын өзгөрткөн долбооруна президент Курманбек Бакиев кол коёру, койбосу жакынкы күндөрү белгилүү болушу керек. Сиз кандай дейсиз, өлкөдөгү саясий кырдаалдын мындан аркы өнүгүүсү президенттин Конституцияга байланышкан кадамына жараша болчудайбы?

- Менимче, кол коёт деп ойлойм. Себеби, ал Конституциянын жаңы редакциясы өзүнүн ультиматуму аркылуу парламенттеги президентке жакын депутаттардын демилгеси менен кабыл алынды. Элге айтып коюш керек, кабыл алганда да процедуралык маселелерди бузуу жолу менен, кыскасы, эптеп эле кабыл алынганы билинип калды. Дагы бир айта турган нерсе, бул Конституциянын тагдырындагы ноябрь окуясын унутпашыбыз керек. Ал жерде 2005-жылдын март айындагыга караганда эл эки эсе көп чогулду десек болот. Анткени, мен ошол окуялардын ичинде жүргөм. Ошону тоготпой биздин президент парламенттен үч талапты коюп, ультиматум койду десек болот, же тарап кеткиле, же мен айткан талаптарды аткаргыла деди. Ошол талап аткарылып, мына азыр Конституцияга кол коюлганы турат. Менимче, бул элди бириктире турган эмес, элди бөлө турган, Кыргызстанды алдыга жылдыра турган эмес, Кыргызстанды дагы бир туңкуюкка түртө турган абдан туура эмес Конституция болду. Себеби, президент март революциясында президенттик шайлоо убагында берген убадасын унтуп, элдин ишенимин сыйлабай, жеке бийлигин күчөтүүгө аракет кылганы айдан ачык болуп калды. Ушуну менен Конституция тынчыбайт.

- Демек, сиз кол коёт деген ишенимде турасыз. Ал эми кол койгон шартта “Ата мекен” партиясы, анын ичинде “Ата мекендин” өкүлү болгон “Реформа үчүн” кыймылы кандай аракет көргөнү жатат?

- Эл билсе керек, ушул Конституциянын акыркы вариантын кабыл алып атканда катышкан депутаттардын ичинен жалгыз түздөн-түз каршы чыгып кол койбогон, добуш бербеген бул “Ата мекен” партиясынын төрагасы, депутат Текебаев болду. Биздин партия бул вариантка каршы. Конституцияны зордоп алдырганы, бул президенттин жеке бийлигин күчтөнтүү үчүн депутаттар өзүнүн отурган креслосунан коркуп, соодалашып сатып жиберишти. Биздин партия буга каршы. Элге ачык түшүндүрүп келе жатат. Революциянын, “Реформа кыймылынын” максаты биздеги бийлик системасын өзгөртүп, бир адамдын жеке бийлигинен коллективдүү бийликке - партиялык системалык бийликке өтүүнүн аракети болчу. Биз ошол маселе боюнча эл менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, иштейбиз. Ушундай планыбыз бар.

- Кокус мөөнөтсүз шайлоо жарыяланып калабы деген да божомолдор жок эмес. Буга да даярданып жатасыздарбы?

- Сөзсүз даярданып жатабыз. Айрыкча президентке жакын болгон “Жаңы Кыргызстан”, “Эмгек жана биримдик”, “Соодружество” деген партиялар эки жылдан бери мамлекеттик ресурсту колдонуп, катуу даярданып атышат. Азыркы жүрүп аткан күбүр-шыбырлардын түбү ушунда жатат, бүгүн эгер шайлоо мөөнөтсүз президент тарабынан жарыяланып калса президенттик партиялар өтө чоң жеңишке жетишет жана ошондой эле административдик ресурстарды колдонуп мыйзам бузуу жолу менен президентти колдогон көпчүлүк парламентте пайда болот деген аракеттерди жасап атышат. Бирок, эл түшүнүп коюш керек, эгер балдарынын, Кыргызстандын келечегин ойлосо, бул президентке, бул депутаттарга, айрыкча партияларга ишенбөөгө толук мүмкүнчүлүк бар. Себеби, Кыргызстанды ХИПИКтин кулчулугуна тыгып, андан ары жегенин жеп, ичкенин ичип куйругун түйүп жоголгонду пландаштырган бийлик пайда болуп калды десек биз жаңылбайбыз. Азыр мунун барын далилдеп бергенге убакыт жок. Эгер шайлоо жарыяланып калса биз ушуларды толук фактылап, далилдеп бергенге мүмкүнчүлүк алабыз деп ойлойм.

XS
SM
MD
LG