Линктер

дүйшөмбү, 19-август, 2019 Бишкек убактысы 15:44

КӨК АЛМАДАЙ ЖАШЫЛ, ЖАЗСА БОЛОТ, АЛ ЭМНЕ?


Табышмак айтайын, өңү көк алмадай жашыл, ичине жазса болот, бул эмне? Эгер өткөн жылдагы америкалык окумуштуулар көтөрүп чыккан жарды өлкөлөрдүн балдарын компютер менен камсыздоо демилгеси тууралуу уккан болсоңуз, сөз 100 доллардык лэп-топ тууралуу жүрүп жатканын дароо айтмаксыз. Көп тараптардын колдоосуна ээ болгон бул демилге өткөн жылдын этегинде, ушул жылдын башында бир четинен ишке баштады. Азыр жашыл түстүү оюнчуктай чакан лэп-топ Таиландда таркатыла баштады.

Бүгүнкү доорду маалыматтын доору деп бекеринен аташпайт. Мурда кимдин армиясы же куралы күчтүү болсо, жеңиш ошол тарапта эле, ал эми бүгүн кимде маалымат болсо, күч ошондо. Ушундан улам маалыматтын түпсүз кудугу болгон интернет улам кеңири жайылып бараткан өнүккөн өлкөлөр менен мындай мүмкүнчүлүгү кескин чектелүү улуттардын орторундагы ажырым күн санап тереңдеп баратат.

Мына ушуга кабатыр болгон окумуштуулар жарды өлкөлөрдө ар бир баланы өз компютери менен, болгондо да көтөрүп жүргөнгө жеңил арзан лэп топ менен камсыздоо демилгеси менен чыгышкан. Мына эми тажрыйба иретинде алгачкы компютерлер ушул тапта Таиланддык улан-кыздарга берилүүдө. Түсүнөн улам "жашыл машина" деген атка конгон желим лэп-топтор жакынкы айларда Бразилия, Нигерия, Ливия жана Аргентинага келип түшө баштайт.

Бул долбоордун максаты тууралуу лэптоптун програмдоочуларынын бири Самюэл Клайн мындай дейт:

Долбоордун көздөгөнү лэп-топту өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн балдарына таркатуу болуп саналат. Анын арты менен алардын билим алуусу жакшырат, классташтар бир бири менен маалымат каналдарын жаратышат, билим алуунун өздүк ресурстарын өздөрү түзүшөт, мугалимдер да бир бир менен байланышта болуп, чыгармачылыкка түрткү берет.

Тажрыйба иретинде долбоорго тартылган өлкөлөрдүн арасында азырынча Кыргызстан жок, болгон күндө да компютерлер бекер берилбейт. Болжолу мамлекеттик казнадан каражат бөлүнүп, ошондой эле партнер-сүрөөнчүлөрдү издеш керек болот. Бирок мындай арзан лэптопту ала турган өлкөнүн билим берүү министрлиги аны окуучуларга бекер жана ар бир балага бирден таркатууга тийиш.

"Жашыл машинанын" баасы 100 доллар. Мындай арзан компютер эмнеге жарайт деп сурашыңыз мүмкүн. Долбоордун негиздөөчүлөрү анын 1000 доллардык компютерден айырмасы аз экендигин айтышууда. Тайвандык Куанта Компютерс фирмасы ойлоп тапкан компютердин дисплейи болгону 35 доллар турат, анткени арзан ДВД ойнотуучу телевизордукундай ЛСД айнеги колдонулат. Бул компютерди күйгүзөөрүңүз менен ал айланасындагы башка компютерлер менен өзү эле дароо байланыш түзөт. Дагы башка артыкчылыктары тууралуу Сэмуэл Клайндын өзүнөн уксак:

Лэптоптун ар бир элементи жаш балдарды эске алуу менен ар кыл түстө, балдарды өзүнө тарта тургандай жасалган. Балдар бир жерин уруп, оорутуп албасын деп бурчтарын төрт бурч эмес, жумуру кылдык. Кокус колдон түшүрүп алса сынбагыдай кабелтең. Ага жазсаң да, сүрөт тартып, же музыка чыгарсаң да, класста отургандардын кимиси болсо да аны көрүп, өзүнүкүн кошумчалап, сен жасап атканды жасай алат.

Бир гана жери бул компютердин эс-тутумуна көп маалыматты сактай албайсыз. Ошондой эле ар бир өлкө интернетке байланыштырууну жолдорун өнүктүрүүгө басым жасашы керек, болбосо интернет өтө жай болсо, же такыр эле байланыш жок болсо, бул лэп-топтун маанилүү артыкчылыгы пайдаланылбай калат. Делавер штатында жайгашкан "Ар бир балага бирден лэптоп" деп аталган коммерциялык эмес уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан бул долбоордун өкүлдөрү да бул лэп-топ менен интернетке чыгуунун арзан жолун издеп жатышат.
XS
SM
MD
LG