Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

ИРАКТА ИРИ АСКЕРИЙ АРАКЕТТЕР ДАЯРДАЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШ президенти Жорж Буш жакын арада Вашингтондун Ирак саясатына кандай өзгөртүүлөр киргизилери жөнүндө жарыялаш керек. Ирактын премьер-министри болсо Багдад шаарындагы тартипти калыбына келтирүү үчүн өлкөнүн ар башка аймактарынан борбор калаага кошумча аскер чогулта баштады.

АКШ жетекчилигинин Ирактагы аракеттери Америка калкынын арасында улам аз колдоого алынууда. Мындай жагдайда президент Жорж Буш - бул саясатка жакын арада өзгөртүүлөр киргизилет деп билдирген. Айрым байкоочулардын айтымында, ал тууралуу жарыяны президент 10-январда жасайт. Айрым маалымат каражаттарынын кабарларына караганда болсо, АКШ өкмөтү Иракка кошумча аскер жиберүүгө даярданып жатат.

Ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгында Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүккө ээ болгон Демократиялык партия болсо президенттин андай пландарына каршы. Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси жекшемби күнү "Си-би-эс" сыналгысы аркылуу чыгып сүйлөп, эгер өкмөт Иракка кошумча аскер жиберүүнү каалап жатса, андай чечимге өтө орчундуу себеп табыш керек деп билдирди. Мурда Конгресстеги көпчүлүккө Республикалык партия ээ болуп келгендиктен, президентин андай демилгелерине ал такай колдоо көрсөтүп келген.

Анын алдында болсо, 5-январда Пелоси айым жана Сенаттагы Демократиялык партиянын жетекчиси Гэрри Рид президентке атайын кат жолдоп, келерки 4-6 айдын ичинде Ирактагы аскерлерди акырындап өлкөдөн чыгара баштоону сунуш кылышкан. Сенаттагы Эл аралык байланыштар комитетине төрагалык кылган Жозеф Байден ошол эле 5-январда "Вашингтон пост" гезитинде жарыяланган интервьюсунда билдиргенге караганда, жакын арада анын Комитетинде Ирактагы абал тууралуу кеңири угуу башталат жана талкуу төрт аптага уланат.

Ошол эле сенатор Байден 7-январда "Эн-би-си" сыналгысы аркылуу сүйлөп, Иракка кошумча аскер жиберүүгө каршы чыкты: "Маселе - жыйынтык бербей жаткан саясатты улантыш керекпи дегенде жатат. Акыркы 12 айда биз Багдаддагы америкалык аскерлердин санын эки жолу көбөйттүк. Аскерий чечим кабыл алуудан мурда биз саясий чечим кабыл алыш керекпиз", - деди сенатор Байден жекшемби күнү.

Ирак премьер-министри Нури аль-Малики болсо ишемби күнү Багдадда Ирак аскерлеринин түзүлгөнүнүн мааракесине арналган жыйында чыгып сүйлөп, борбор калаа Багдад шаарына кошумча аскер киргизилээри тууралуу билдирди. Анын жардамчыларынын айтымында, эки бригада Ирактын түндүгүндөгү аймактардан жана дагы бир бригада өлкөнүн түштүк аймагынан чакырылат. Түндүктөн келе турган аскерлер негизинен күрддөрдөн турат, түштүктүктөр болсо шийи мусулмандары болот.

Премьердин айтымында, бул аскерлер борбор калаадагы абалды калыбына келтирүү үчүн атайын даярдалган аракеттерге катышат жана керек болсо ал аскерлерге өлкөдөгү америкалык күчтөр дагы жардамдашат. Малики менен АКШ президенти Буш даярдалып жаткан аскерий аракеттерди 5-январда өткөрүлгөн видеоконференция учурунда кеңири талкуулады жана "Ассошиэйтед пресс" агенттиги билдиргенге караганда, Иракка кошумча америкалык аскер жиберүүгө Малики каршы чыкты.

XS
SM
MD
LG