Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 02:21

ОРУСИЯ ЭМИ ГРУЗИЯНЫН БАКЧА ЖЕМИШТЕРИНЕ ТЫЮУ САЛА БАШТАДЫ


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Орусия менен Грузияны байланыштырчу Нижний Зарамаг жолунда - Орусияга өтө албай турган шоопурлар жолду бөгөй башташты. Алар баш-аягы миң тоннадан ашык мандаринди Орусияга тартып баратышкан, бирок аларды бажыканадан токтотуп коюшкан. Бул окуя 21-декабрдан тартып башталган.

Түндүк Осетиялык айдоочулар Грузиядан сатып алган мандариндерин Орусияга сатуу үчүн келе жатып кармалышкан. Аларды Орусиянын айыл чарба министрлигинин көрсөтмөсү менен чегарадан өткөрбөй коюшкан.

Түндүк Осетиянын тартип сактоо органдары 8-январда билдиргенге караганда, 70ке чукул ири жүк тартуучу автомашиналар Транскавказ жолун төрт күндөн бери жаап турушат. Ошондуктан аларды күчкө салып таратуу чарасы көрүлгөнү жатат.

Кремлдин тараткан маалыматына караганда «Грузияда өндүрүлгөн түшүмдү Орусияга киргизбөө 2005-жылы декабрда өлкөнүн айыл чарба министрлигинин көзөмөлдөө органы кабыл алган буйруктун негизинде ишке ашып жатат».

Маскөө буга дейре Грузин шараптарына жана «Боржоми» минералдык суусуна тыюу салган.
Ушундан улам анализчилер Кремлдин эми Грузияда өскөн мандаринди өлкөгө өткөрбөй жатышын Тбилисиге жасалган саясий кысым катары баалашууда.

Грузияга карата экономикалык дагы бир кысым анализчилер баамында «Газпром» компаниясы тарабынан жасалууда.

«Новости Грузии» жазганга караганда, Орусия газдын баасын ар бир миң кубометрин 250 доллардан кылып, кымбаттаты. Ошол себептен Грузия жакынкы эки айдын аралыгында көгүлтүр отунду Азербайжандан алганга өтүп атат.

Ал эми Day.Az сайты жазганга караганда, Азербайжан Грузияга газды 10-январдан баштап берет. Тараптар жетишкен келишимге ылайык кошуна мамлекеттен Грузия күнүнө 3 миллион кубометр газ алып турмакчы.

Талдоочулар баамында «Газпром» чындыгында Кремлдин тышкы саясатын жүргүзө баштады. Ошол себептен кезектеги кысым эми Тбилисиге көгүлтүр отун бере баштаган Бакуга карата багышталат дешет.

Эмнеси болсо да Түндүк Осетиянын (Орусиянын субъектиси – ММ) ички иштер министрлигинин атайын кызматы мандарин тартып бараткан машинелерди курчоого алып атканы дүйшөмбүдө белгилүү болду.

«Азаттыктын» кабарчысы менен болгон маегинде Түштүк Осетиялык (Грузиядан бөлүнүп чыксам деген субъект – ММ) жарандар клубунун жетекчиси Алан Парастаев мындай деди:

- Мандариндерди тартып бараткан автоунаалар кармалат. Алар Орусиянын аймагына өткөрүлүп, штрафтык жайга токтотулат».

Ал эми Грузиялык эксперт Иосиф Цискашвилинин пикири боюнча жолду Маскөө бууп салды. 2006-жылы Орусия бийлиги Грузияга экономикалык кысым катуу көргөздү, улуту грузиндер Орусиядан чыгарылды, демек, эми кезек айыл чарба түшүмдөрүндө.

XS
SM
MD
LG