Америкалык аскери авиациянын Сомалинин түштүгүндөгү биринчи аба жапырыктары мурда күнү башталды. Кечээ мандемдүү райондор кайрадан бомбаланды. Жергиликтүү чиновниктердин айтымында, аба жапырыктар маалында ондогон адамдар набыт болду, алардын көбүн экстремисттик “Ислам шариат биримдиги” тобунун лашкерлери дешет. Бул топ “Ал-Каиданын” жергиликтүү бөлүмү аталып жүрөт.
Пентагондун өкүлү айткан маалыматтарга караганда, 1998-жылы Танзания менен Кенияда америкалык элчиликтерде бомба жардырып, баары болуп 250дөй адамдын өмүрүнө забын болгон террорчулар түштүк Сомалиде уюктап алышкан. Аба жапырыктары маалында алардын базалары менен позициялары бутага алынды.
Америкалыктардын аскери операцияларын Сомалинин президенти Юсуф Ахмед “терроризмге каршы дүйнөлүк уруштагы туура кадам маанисинде баалады.”Менимче, буга америкалыктардын укугу бар,анткени түштүк Сомалини башмаанектеп алгандар учурунда Найробиде,Танзанияда АКШнын элчиликтерин,Кенияда мейманкананы жардырышкан белгилүү тероррчулар”, - дейт Сомали президенти.
Жергиликтүү исламчыл лашкерлер президент Юсуфтун да душмандары. Он беш жыл илгери диктатор Барренин режими кулаган соң өлкө иш жүзүндө кландык эки аймакка бөлүнүп,түштүк райондор негизинен сомалилик исламчылардын колунда калган. Алар былтыр Юсуфту бийликтен кулатмакчы болгондо, Сомалиге коңшулаш Эфиопиянын аскерлери кирип, азырга чейин өкмөттүк куралдуу күчтөргө каралашып жатат.
Түштүк Сомалидеги операцияларды Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун өлкөдөгү куралдуу жаңжалды ырбатып,аны коңшуларга жайылтып жибере турган кооптуу кадам деп атады. Европа комиссиясы да аба жапырыктарын айыптап,Сомалидеги кырдаал ого бетер кыйындап кетиши мүмкүн экенин эскертти.
АКШ мындан он эки жыл илгери Сомалидеги жаңжал маалында он сегиз жоокерин жоготуп, натыйжада эл аралык бейпилдик контингентиндеги аскерлерин чыгарып кеткенге аргасыз болгон эле. Ошондон бери АКШ бул өлкөдөгү кырдаалга аскери жактан кийлигише элек болчу.