Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:46

САДДАМДЫ ӨЛГӨНДӨН КИЙИН ТАРТЫП АЛГАН ТАСМА ЖАРЫЯЛАНДЫ


Интернетте Саддам Хусейнди дарга асылгандан кийин тартып алган видеотасма жарыяланды. Жашыруун тасма Ирак өкмөтүнө кыжырданууну күчөтүү максатын көздөйт дешет байкоочулар. Бул кабардын алдында эле АКШ президенти Жорж Буш конгрессмендерге Иракка кошумча 20 миңдей аскер жөнөтүү планын айткан эле.

-“Төрткө чейин санайм, бир, эки... Бол эми, Хабиб. Сен үчүн иштин баары өлөт. Абу Али, бол, тез, жардам бере кал” – деген үндөр жазылып калынган видеотасмада Саддамдын кепинделген денеси оорукананын замбилинде жатат. Аны тасмага тартып жаткан киши Саддамдын үстүндөгү шейшепти ачып, маркумдун башы капталына бурулуп, мойнунда жиптин изинен калган жараат, бир жак бети көгөрүп турганын даана көрсөтөт.

Бул – Ирактын экс-лидери дарга асылган 30-декабрдан бери ал окуянын тегерегинде тартылып, коомчулукка сунушталган 3-видеотасма.

Ирактын бийликтери Саддамдын өлөөр алдындагы акыркы мүнөттөрүн тартып алган тасма боюнча тергөө иштерин аяктай элек. Саддамды табалаган, ирактык шийилердин лидеринин ысымын чакырган сөздөрдү жаздырып алган тасма ирактык суннилер арасында терең нааразычылык пайда кылган эле. Экс-лидердин өлүгүн көргөзгөн жарым мүнөттүк бул тасма да Ирактагы диний тайпалар арасындагы араздашуунун чырагына май тамызаары талашсыз.

Ал тапта АКШ президенти Жорж Буш Ирактагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жаңы стратегия камтылган билдирүү жасаары күтүлүүдө. Бейшембиде жарыялана турган жаңы пландын айрым жагдайлары алдын-ала маалымдалды. Аларга караганда, АКШ президенти Ирак өкмөтү аткара турган саясий, экономикалык жана коопсуздук маселелерине токтолмокчу. Андан сырткары АКШ конгрессмендери Ак үй Ирактагы аскерлердин санын дагы 20 миңге көбөйтүүнү туура көрүп жатканын маалымдашты.

Бул планды Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар Ирактагы согушту күчөтүү аракети катары сынга алышты. Демократ сенатор Барак Обама өз пикирин мындайча ортого салды:

- Мен өткөн аптада президент Буш менен жолугушуп, Ирактагы аскерлердин санын көбөйтүү маселесине каршы экенимди ачык айттым. 15 миң, же 20 миң жоокер Иракта, же Багдадда чоң өзгөрүү жасап ийээрине ишенбейм. Ал жерде бир гана шийи, сунни жана күрттөр ортосундагы саясий мунаса кырдаалды өзгөртө алат.

Аскерлерди көбөйтүү планынын жактоочулары Ирактагы кол салуулар басылмайынча, саясий өнүгүү кайдан болсун деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG