Кытай жетекчилиги мындан 10-20 жыл мурда эбегейсиз экономикалык реформаларды баштап, өз өлкөсүнө ири чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга киришкенде, айрым батыш эксперттери - экономикалык өнүгүү сөзсүз саясий реформага да алып келет жана акыр-аягында Кытайда адам укуктарын сыйлаган демократиялык өнүгүү өзүнө жол ачат деп келген.
Анткен менен коммунисттик жетекчилик бийликти өз колунан чыгарууга шашкан жок жана демократиялык реформалар өлкөдө дээрлик баштала элек. Натыйжада экономикалык өнүгүүдөн түшкөн эбегейсиз байлык айрым ишкерлер менен компаниялардын колуна топтолуп жатса, айыл жергесиндеги калктын кеңири катмарларынын абалы өтө начар бойдон калууда жана кытай коомундагы ажырым улам тереңдеп баратат.
Ал тууралуу Гоң-Конг университетинин профессору Жозеф Чаң минтип айтат: "Өлкө жетекчилиги жана экономикалык абалды изилдеген окумуштуулар азыр бир пикирге келе баштады - коомдогу карама-каршылыктар улам күчөшү мүмкүн. Азыр Кытайда бир жылда бир адамга туура келген дүң өндүрүш бир миңден үч миң долларга чейин жетип калды, бирок мынчалык экономикалык өнүгүү байлар менен кедейлер ортосундагы ажырымды дагы кеңейтип баратат", - дейт профессор Чаң.
Анын айтымында, акыркы мезгилде калктын кеңири катмарлары арасында бийликтин саясатына болгон нааразылык да күчөп баратат: "Кытай калкынын улам көп бөлүгү алардын алдындагы кыйынчылыктарга болгон нааразылыгын ачык айта баштады, алар - балдарын окута албаганы, толук медициналык жардамга же жакшылыктуу үйгө жете албаганы тууралуу айтууда. Алардын күнүмдүк турмушу улам татаалданып, алардын жүгү улам оор болуп баратканы тууралуу нааразылыктар айтылууда", - дейт Чаң.
Мындай маселелерди чечүү үчүн демократиялык түзүлүш жардам бериши мүмкүн, бирок коммунист жетекчилер андай реформаларды баштоого шашпайт: "Кытай жетекчилери андай маселелерди чечүү үчүн жаңы медицина жана социалдык системаларды киргизүүгө аракеттенип жатат, бирок демократиялык реформа баштоодон алар азырынча алыс", - деди профессор Чаң "Азаттыктын" кабарчысы Брефни О'Рурк менен болгон маегинде.
Анткен менен жакында Кытай компартиясынын Политбюросунун Туруктуу комитетинин мүчөсү Лю Гаң Кытайдын түндүк-чыгышындагы Шаңдуң провинциясына келгенде жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, эл арасында толкундоолор чыгып кетпес үчүн талаптуу чаралар көрүлүш керек деп билдирди.
2004-жылы Кытайда 74 миң митинг-демонстрация болсо, 2005-жылы алардын саны 87 миңге чейин өскөн, бирок 2006-жыл үчүн маалыматтар азырынча жарыялана элек.