Тасманын авторлору Саддамдын өлүгүн видеого тартып жатып, өз тилинде сүйлөп жатышты. Алар эмне деп сүйлөп жатканын так билүү кыйын, бирок шашылып жатышканы сезилип турат. Интернетке чыккан видеонун узундугу жарым минутка да жетпейт.
Видеодо замбилдин үстүндө шейшеп менен жабылган бир өлүк дене көрүнөт. Шейшепти ачып, бул Саддам экенин тастыктоо үчүн анын бетин көрсөтүшөт: бир жаагы кичине көгөргөндөй, башы капталга бурулуп жатат, мойнунда жара – бул дарга асып жаткандагы жиптин изи.
Негизи, бул видеодо күтүлбөгөн эч нерсе деле жок - дарга асылгандан кийинки өлүк. Бул Саддамдын өлүгү болгондуктан, ал Ирак өкмөтү менен Сунни мусулмандардын ортосундагы мамилелерди дагы татаалдантышы мүмкүн.
Суннилер бийликтеги шийилерди Саддамды өлөр алдында кордогондугу үчүн күнөлүү деп эсептешет. Бул да, өз кезегинде, Интернет аркылуу тараган видеодон башталган. Саддам дарга асылгандан кийин мындай видеодон үчөө чыкты. Алар Хусейнди колдогон суннилер менен азыркы бийликчил шийилердин ортосундагы мамилелердин мындан да начарлап, чоң чатакка айланып кетишине түрткү болуп жатат.
Саддамдын өлүгү тартылган видео АКШ президенти Иракка дагы аскер жөнөтмөкчү болуп жатканда жарыкка чыкты. Буш аскер жөнөтүү чечимин расмий түрдө жарыялай элек. Анын жарыяланышы бейшемби күнү күтүлүүдө. Ага чейин бир катар конгрессмендер Буш менен жолугуп, анын пландарында Иракка дагы аскер жөнөтүү бар экенин тастыкташты.
Конгресстеги көпчүлүктү түзгөн демократтар, өз кезегинде, буга каршы.
- Мен өткөн жумада президент Буш менен жолуктум жана Ирактагы америкалык аскер күчтөрүн чоңойтууга өз каршылыгымды билдирдим. Менимче, 15000-20000 жоокер Иракка да, Багдадка да эч пайдасын тийгизбейт. Пайда алып келчүү нерсе – шийилер, суннилер жана курддардын саясий биригүүсү,- деди Сенатор Барак Обама.
Аскер санын көбөйтүүнү жактагандардын айтуусунда, саясий жараяндардын толук кандуу иштөөсү үчүн зордукту жана күч колдонууну басып, токтотуш керек.
Ак үйдүн пресс-катчысы Тони Сноу айткандай, Президент бул суроодо консенсус табууга колунан келишинче аракет кылат. “Бүткүл Дүйнө карап турат, - дейт Сноу, - андыктан, туура чечим кабыл алыныш керек.”