Бир катар эл аралык уюмдардын билдиришинче, былтыр 55тен 155ке чейин журналист набыт болгон. Өткөн жыл массалык маалымат каржаттарынын өкүлдөрү үчүн ааламаттуу болду деген пикриге көпчүлүк кошулат. Баш кеңсеси АКШда жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин баяндамасында 2006-жылы 55 журналисттин өмүрү кыйылганын, андан тышкары дагы 27 журналист шектүү кырдаалдарда өмүрүнөн ажыраганы айтылат.
Париждик «Чек арасыз кабарчылар» деп аталган уюмдун эсеби боюнча, былтыр 81 журналист жана массалык маалымат каражаттарынын 32 өкүлү набыт болгон. Төрт жыл катар Ирак эң коркунучтуу аймак болуп келе жатат. Өткөн жылы набыт болгон 64 журналисттин жыйырма тогузу Иракта өлтүрүлгөн.
«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун өкүлү Тала Довлатшахинин айтымында Ирактагы козголоңчулар басма сөз каражаттарынын кызматкерин барымтага алуу, өлтүрүү окуяларынан соң басма сөз аларга өзгөчө көңул буруп калаарын дурус аңдады.
“Өткөн он жылдарга салыштармалуу караганда журналисттерге каршы чабуулдар, атайылап жасалган кол салуулар өтө күчөп баратканын көрөбүз. Кол салууга дуушарлангандар жалаң гана салттык кабарчылар эмес, алардын арасында котормочулар, айдоочулар, штаттан тышкары кабарчылар жана согуш жүргөн аймактагы журналисттерге кичине эле тиешеси болгон кишилер бар. Дал ошол кишилерге кол салуу болуп, алар бутага алынып, мурдагыдан көбүрөөк санда өлтүрүлүп жатат».
Көптөгөн өлкөлөрдө жергиликтүү өкмөттү сынга алган кабарчылар өз өмүрүн тобокелге салышты. Довлатшахи айым Орусияны өзгөчө мисалга алды.
«Орусиянын президенти Путиндин өкмөттүк саясаты тууралуу жана анын өкмөтүнүн Чеченстандагы ишмердүүлүгү жөнүндө ачык баяндаган журналисттер да өлтүрүлүп келет”.
Ал эми Кытайда болсо дейт Давлатшахи, журналисттер жана интернетке өз пикирин жарыялагандар кармалып, коркутулуп-үркүтүлүп жатат. Өкмөттүн багытына дал келбеген көз карашы үчүн журналисттерди 20 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө камап койгон учурлар да Кытайда көп кездешет дейт ал.
Брюсселде жайгашкан эл аралык журналисттер федерациясынын айтмында өткөн жылы 155 журналист жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн табышмактуу кырдаалдагы өлүмү катталган. Бул сан 2006-жыл маалымат каражаттары үчүн өзгөчө каргашалуу болгонун айгинелейт.
Кремлди көп ирет сынга алган орус журналисти Анна Политковскаянын өлтүрүлүшү, "Азаттыктын" Түркмөн кызматынын кабарчысы Огулсапар Мурадованын түрмөдө каза тапканы, маалымат каражат өкүлдөрүнө карата зомбулукка шыкакчы болгон же көңүл кош мамиле кылган өкмөттөр бар экенинине ишаара кылат.
23-декабрда БУУнун Коопсуздук Кеңеши журналисттерге атайылап кол салуу окуяларын сынга алган резолюцияны бир добуштан кабыл алды.
ЕККУнун өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Роланд Блесстин айтымында, резолюция өкмөттөргө коркунчтун чордонунда жүргөн журналисттерди коргоо боюнча эл аралык милдеттенмелерин эске салат.
Мындай мыйзамдарга карабай, көп жерлерде маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө каршы жасалган кылмыш үчүн адилет жаза берилбей келген өлкөлөр дагы деле арбын дейт Блесс.
«Биз чындыгында эмнеге каршы болуп жатабыз? Айрым өлкөлөрдө журналисттерди өлтүргөн, аларды мазактаган, коркуткан адамдар жоопко тартылбай эле калып жатат. Бул көрүнүш Орусиядан башка жактарга да жайылууда».
Ушундай пикрин Роланд Блесс билдирди. Анын айтымында Орусия бийлиги өлкөдө набыт болгон журналисттерди иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат берүүсүн өтүнгөн ЕККУнун суроосун азырынча коопсуз калтырууда.
Cүрөттө: Кремлди көп ирет сынга алган орус журналисти Анна Политковская үйүнүн алдынан атылып өлтүрүлгөн.