Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

АКШнын ЖАҢЫ ИРАК СТРАТЕГИЯСЫ


Нарын АЙЫП, Прага 10-январда кечинде, Бишкекте 11-январь келип, эртең менен саат 8 болгондо, АКШ президенти Жорж Буш сыналгы аркылуу чыгып сүйлөп, америкалык өкмөттүн жаңы Ирак саясаты тууралуу жарыя жасайт. Буш эмне жөнүндө айтаары жөнүндөгү маалыматтарды Батыш агенттиктери алдын ала таап-жарыялагандыктан, президенттин чечимдери коомдо ар башка пикир жаратууда.

Президент Жорж Буштун басма сөз кызматы билдиргенге караганда, анын сүйлөй турган сөзү үчүн өлкөнүн негизги сыналгы каналдарынан 25 мүнөттүк убакыт суралды. Президенттин басма сөз катчысы Тони Сноу Буштун сөзүнүн мазмуну жөнүндө маалымат берүүдөн баш тартты, бирок ал тууралуу журналисттерге - президент менен 9-январда жолуккан сенаторлор Гордон Смит жана Карл Левин кабарлап беришти.

Алардын айтымында, президент Буш Иракка дагы кошумча 20 миң америкалык аскер жиберүүнү чечти жана өз сөзүндө ошол тууралуу айтат. Алар кошуна Кувейттен келет жана негизги бөлүгү Багдад шаарына жайгаштырылат, бирок төрт миңге жакыны Анбар провинциясына жиберилет . Азыр Иракта 132 миң америкалык аскер бар жана кошумча күчтөрдүн биринчи бөлүктөрү өлкөгө январдын аягында келе баштайт.

Президенттин мындай чечимине Конгресс каршы чыгып келген жана январдын башында "Си-би-эс" сыналгысы өткөргөн сурамжылоо көрсөткөндөй, АКШ калкынын 48 пайызы Иракка кошумча аскер жиберүүгө каршы, бирок 45 пайыз адам аны жактырат, ошол эле учурда суралгандардын 55 пайызы - андай чара абалды жакшыртат дегенге ишенбейт. Аны менен катар Ирак маселесин президент Буш кантип чечип жатканын калктын 72 пайызы жактырбайт.

Тони Сноунун айтымында, анын баарын президент түшүнөт: "Калкты өз тарабына тартуу канчалык маанилүү экенин жана чечим бир тараптуу болбош керек экенин ал түшүнөт. Бирок ал тууралуу Конгресс мүчөлөрү дагы ойлонуп-билиш керек, анткени кандай чечим кабыл алынаарын жана ал туура болуш керек экенин азыр бүткүл дүйнө күтүп жатат", - деди Сноу 9-январда.

Конгресстин Эл өкүлдөр жыйынынын спикери Ненси Пелоси жана Сенаттагы көпчүлүккө ээ Демократиялык партиянын фракциясынын жетекчиси Гэрри Рид 5-январда президентке кат жазып, Иракка кошумча аскер жиберүү ката болот жана келерки 4-6 айдын ичинде америкалык аскерлерди тескерисинче, Ирактан чыгара башташ керек деп билдирген.

Белгилүү сенатор Эдвард Кеннеди болсо 9-январда билдирүү жасап, Иракка кошумча аскер жиберүүгө тыюу салган атайын мыйзам долбоорун даярдап, аны Конгресске киргизип жатканы жөнүндө жарыялады. Кеннединин айтымында, Ирак - президент Буштун Виетнамына айланууда жана эгер өлкөгө кошумча аскер жиберилсе, Конгресс аны каржылабай коюшу мүмкүн.

Америкалык маалымат каражаттары билдиргенге караганда, андан тышкары президент Буш - Ирак провинцияларына көзөмөл салууну Ирак өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө да айтат. Азыр Ирак өкмөтү өлкөнүн 18 провинциясынын үчүнө гана өз алдынча көзөмөл салат. Америкалык президент араб элдерине кайрылып, аларды - Ирактагы абалды калыбына келтирүүгө жардам көрсөткүлө деп да чакырат, бирок Иран менен Сирия жөнүндө эч нерсе деп атайын айтылбайт.

Ирак маселеси боюнча АКШ Конгресси түзгөн атайын комиссия болсо - дал ошол Иран менен Сирияны сүйлөшүү жараянына кошууну сунуштаган жана 2008-жылдын биринчи чейрегине чейин аскерлерди Ирактан чыгарып кетиш керек деп билдирген.

XS
SM
MD
LG