Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

ПАТРИОТТОР КЫРГЫЗСТАНДЫ САКТАП КАЛУУ ҮЧҮН КӨТӨРҮЛДҮ


10-январда Бишкектеги тарых музейинде «Кыргызстанды сактоо» патриоттук кыймылы алгачкы жыйынын өткөрдү. Жыйында өлкөдөгү учурдагы саясий-экономикалык абал, ХИПИК программасы, Баш мыйзамга байланыштуу көйгөйлүү маселелер козголду. Президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси мындай талкуу сын-пикирлер өлкөнүн өнүгүүсүнө өбөлгө болот деген көз карашта.

«Кыргызстан коркунучта!», «Кыргыз эли мекенин сактайт!», «Кыргызстандын патриоттору бириккиле» деген чакырыктар жазылган жыйынга экс-спикер Мукар Чолпонбаев баш болгон коомдук, жарандык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Бул жыйындын максаты тууралуу Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылынын коомчулук менен байланыш боюнча координатору Орунбек Чондоев буларды билдирди.

-Негизги максатыбыз, бийликтегилер карапайым калкты ХИПИК программасына кирүүгө түртүп аткандыктан, элди андан четтетүү. Экинчиден, алгачкы Конституция деп 1993-жылы кабыл алынган Конституцияны калыбына келтирип, ошонун негизинде иш алып барууну каалайбыз.

Жыйында доклад жасаган экс-спикер Мукар Чолпонбаев экс-президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясатын катуу сынга алып, анын кетирген каталарын азыркы президент Курманбек Бакиев кайталап жатканын айтты. 24-марттан кийин бийлик тескерисинче коррупциянын гүлдөп өсүшүнө, кылмыштуулукка жол берип, өлкөдөгү саясий-экономикалык абалды оңдой албаганын белгиледи.

-Президенттикке ат салышар алдында талапкер Бакиев өтө жоомарт, кең пейил, акыйкатчыл, калыс жандай туюм жараткан. Жер сурагандарга жерин берүүгө ыкыласын көрсөтүп, Конституциялык реформа жүргүзүүгө эки эле ай мөөнөт сураган. Үйбүлөлүк бизнести унутууга ант берген. Коррупцияны кан буугандай токтотууга, кылмыштуулукка жол койбоско, Акаевдин режимин түп тамырынан жоюга жана ал системанын күмөн бизнестеринин бетин ачып, эл алдына алып чыгууга, Аксынын азаматтарынын кунун айныксыз тез аранын ичинде чечүүгө убада берген. Кана эмесе? Ошол убадалардын бири аткарылдыбы?

Мукар Чолпонбаев ошондой эле бийлик элди түндүк-түштүккө бөлүп, берген убдаларын аткарбай элге жалганчы болуп калганын белгиледи.

Экс-губернатор Анвар Артыков болсо Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакцияларын каалагандай кабыл алып, аткаруу бийлигинин «чөнтөк парламенти» болуп калганын баса белгиледи. «Бул парламент бийликке кошомат кылып эртең эле ХИПИК программасына кирүүгө макулдугун берет», деген кооптонуусун айтты Артыков.

Президенттин коомчулук менен байланыш боюнча кеңешчиси Дөөлөт Нусупов Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылынын жыйынындагы козголгон айрым маселелерди колдоорун, мындай талкуулар, сын-пикирлер коомдун өнүгүшүнө пайда келтирерин билдирди.

Жыйын соңунда жети пунктан турган резолюция кабыл алынды. Анда 1993-жылдагы алгачкы Конституцияны калыбына келтирүү, корупция менен күрөштү күчөтүү, ХИПИК программасына кирүү аракетин токтотуу, Аксы окуясына,Үзөңгү куушту сатууга байланышы барларды жоопко тартуу жана башка маселелер козголгон. «Кыргызстанды сактоо» патриоттук кыймылы жер жерлерде элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү, эгерде бийлик алардын койгон талаптарына көңүл бурбаса, ар кандай саясий акцияларды өткөрүүнү болжошууда.

XS
SM
MD
LG