“Кумтөр голд компани” ишканасы 1995-жылдан тарта 10 миң 70 гектар аянтты ижарага алып, иштетип келет. Бирок он жылдан ашуун убакыттын ичинде компания жер салыгын таптакыр төлөгөн эмес. Аны жер салыгын төлөөгө милдеттендирүү демилгеси сотко жетип, өткөн жылы февраль айында сот компанияны 2003-жылдан 2005-жылга чейинки үч жыл үчүн 45 млн сом өлчөмүндө жер салыгын төлөөгө милдеттендирген чечим чыгарып берген.
Республикалык салык инспекциясынын жетекчисинин орун басары Жеңишбек Эшенкуловдун айтуусунда 45 млн сом Жетиөгүз районунун эки-үч жылдык бюджетине барабар:
-Бул сумманын он пайызы мамлекеттик бюджетке кетет, калганы райондун керектөөлөрүнө жумшалат.
Жеңишбек Эшенкуловдун айтуусунда «Кумтөр голд компани” акыркы 2006-жыл үчүн дагы 15 млн сом жер салыгын төлөөгө тийиш.
Аталган компаниянын жетекчилиги жаңы жылдан тарта жумушчуларга айлык акыны бийик тоонун шартына ылайык төлөп берүүнү, алардын денсоолугуна келтирилип жаткан зыяндуулук үчүн төлөнүүчү компенсацияны жана ооруп калган учурда орточо айлыктын эсебинде жумушчулардын айлык акысынын сакталышын камсыздоону мойнуна алды. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабековдун айтуусунда “Кумтөр голд компани” ишканасын бул талаптарды аткарууга көндүрүүгө жана жер салыгын төлөөгө милдеттендирүү оңойго турган жок. Кубанычбек мырза компания 1998-жылы Жетиөгүздөгү беш айылдын элине зыян алып келген цианидге байланыштуу иш үчүн да компенсацияны өзүнүн чөнтөгүгөн алып төлөөгө тийиш деген оюн бекемдеди:
-“Кумтөр голд компани” ишканасынын экологиялык төлөмдөрүн көбөйтүү керек. Анткени алар кетет, биз калабыз, жер биздики. Экинчиден 1998-жылы төгүлгөн цианид алып келген зыян үчүн 189 млн сом компенсацияны бүгүнкү күнгө чейин кыргыз өкмөтү булардан карыз алып, элге төлөп келе жатат. Биз бир нече жолу кайрылганбыз, президентке да жаздык ушул келишимди өзгөртүү боюнча. Бирок жооп жок. Эгер ушул айдын ичинде дагы жооп болбосо, биз парламентте карайбыз.
Кубанычбек Исабеков Кумтөр алтын кенинен соңку жылы табылган алтын кендерин иштетүүгө “Кумтөр голд компани” ишканасынын укугу жок, бул боюнча кайра башкадан тендер өткөрүлүүгө тийиш деп кошумчалады.
“Кумтөр голд компани” ишканасынын маалыматы боюнча компания ай сайын мамлекеттик салык инспекциясына 60-70 млн сом салык төгөт. Өткөн 2006-жылы “Кумтөр голд компани” төккөн салыктын өлчөмү жер салыгынан тышкары 797 млн сомду түзгөн. Талдоочулардын пикиринде Кумтөр сыяктуу ири алтын кенин иштетип жаткан компания үчүн бул салык - өтө аз.