Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:37

ТЕМИР САРИЕВГЕ КАРШЫ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ


Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевге байланышкан факт боюнча кылмыш козгоду. 9-январда атайын кызматтын өкүлдөрү Темир Сариев жүз миң доллар каражатты каттабай туруп чет өлкөгө чыгарып баратат деген негиз менен «Бишкек-Стамбул» аба сапарынан кармашкан. Бул окуяны Сариев муну бийликтин куугунтугу катары чечмелеп эч кандай мыйзам бузбагандыгын билдирген.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, аталган факт боюнча кылмыш иши Кылмыш кодексинин аткезчилик жөнүндөгү 204-беренесинин үчүнчү бөлүмү боюнча ачылып, өзгөчө маанилүү кылмыш иштери боюнча башкармалыктын карамагына берилди. Коопсуздук кызматынын атын атоону каалабаган өкүлү депутаттын ири өлчөмдөгү каражатты тышка мыйзамсыз чыгарып бараткандыгы тууралуу далилдер бар деп билдирди.

- Ар бир чыгып бараткан адамга 2 миң долларды декларациясыз алып кетүүгө уруксат. Андан тышкары акчанын баары тең же асыл таш же искусствонун чыгармачыл иштери болсо, ошонун баарын тең декларацияга киргизип, аны бараткан мамлекетте да текшериши мүмкүн, ошону ал жакка алып барып көрсөтөт.

Депутат Темир Сариев өзү «Манас» аба майданында болгон окуяны бийликтин саясатчыны каралоо максатын көздөгөн карасанатай аракети катары баалады:

- Эч качан алардын колуна тийген жок. Акча менде болчу. Алар аны санаган да жок. Акча он миң доллар болчу. Анан алар мени өткөрүп алып туруп, анан автобуска түшүп баратканда кармашып, кайра артка келип, биз сизди текшеришибиз керек, сизде акча барбы дегенде, ооба, менде акча бар дедим. Канча дегенде эмне кыласыңар, силер кимсиңер сураганга, силердин акыңар жок дедим. Биз билгибиз келет дешти, билгиңер келсе жүз миң доллар бар, жетеби силерге дедим. Ошондон алар жүз миң деп жазып атышат.

Жогорку Кеңешти, анын ичинде «Реформа үчүн» кыймылын кескин сынга алып жүргөн «Эркиндик» саясий партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев депутаттын билдирүүсүн далилсиз актануу деп эсептеди:

- Бул бийликтин провокациясы дейт. Э айланайын, макул жүз миң болбосун, он миң болсун, мен ушунча алып баратам деп жазбагандан кийин анын күнөөсү да.

Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков жеке эле Сариев эмес, акыркы убактарда тартип коргоо кызматтары депутаттарга жапырт чабуулга өтүп жатат деп, аны өкүнүч катары белгиледи:

- Акыркы убактарда депутаттарга чабуул кетти. Мисалы, депутат Шиндин терезесин рация менен койгулап, машинадан сууруп чыгып, күбөлүгүн бербей коюп… эч кандай акысы жок, бир сааттан кийин алып келип бергенге. Ал мыйзам. Макам жөнүндө мыйзам бар, он алтынчы пункт турат. Мисалы, Иса Өмүркуловдун баласынын колу-бутун бурап, кишен салып УБОПтун балдары эртеден кечке чейин кармап кайра чыгарып ийгени – бул дагы мыйзамсыз болот. Депутаттын машинеси менен анын колу-бутун бурап алып барганычы. Анан эми өздөрү айткандай алар эми Кыргызстандан көчүп кетиши керекпи? Өкмөттөн өзгөчө пикири бар адамдардын баарын кетире берсек, анда Кыргызстандын жарымы калбай калат болушу керек.

Бийликтин куугунтуктап жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрдү буга чейин «Реформа үчүн» кыймылынын мүчөлөрү да айтып жүрүшөт. Темир Сариев мындай кысымдардан коргоо ириде президенттин милдети деп эсептейт:

- Ар бир жарандын укугун коргоого милдеттүү президент бар, атайын органдар бар. Ал тыянак чыгарышы керек. Себеби, кезеги менен кетип баратат. Текебаевдин матрешкасы, Кабай Карабеков, Иса Өмүркулов, эми Сариев, мындан ары ким?

Президент Курманбек Бакиев баштаган расмий бийлик башчылары депутаттардын айланасындагы акыркы окуяларга байланыштуу көз караштарын билдирише элек. Тиешелүү күч кызматтары маалымат таратуу менен чектелишүүдө.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG