Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:56

ЖАШ САЯСАТЧЫЛАРДЫН КАТАРЫ КАЛЫҢДАДЫ


“Жаш саясатчылар форуму” ХИПИК программасына кирүүгө каршы митинг акцияларды өткөрүп келатат. Жакында ХИПИКке каршы дагы бир коомдук-саясий кыймыл түзүлүп, алгачкы жыйынын өткөрдү. Бирок, “Жаш саясатчылар форуму” бул кыймылга кошулган жок. Жаш саясатчылардын соңку иш чаралары жана кыймыл-максаттары туралуу анын жетекчиси Адил Турдукулов “Азаттыкка” кеп салып берди.

-Кечээ “Кыргызстанды сактап калуу” патриоттук кыймылы деген дагы бир уюм түзүлгөнү жарыяланып, анын алгачкы жыйыны өткөрүлдү. Анын катарында мурда “Реформа үчүн” кыймылында жүргөндөр бар экен. Азырынча башкы иш багыты өлкөнүн ХИПИК программасына киришине жол бербөө деп жарыяланды. Силер бул жаңы кыймылга кошулган жоксуңарбы?

- Жок, биз бул жаңы кыймылга кошулган жокпуз. Биз “Реформа үчүн” кыймылында турабыз, башка кыймылга кошулбайбыз. Азыр жаштар өзүнчө күч катары чыкканга аракет жасап атышат. Бүгүндөн баштап биз жаңы жаш саясий кыймылын түзүп атабыз, анын ичинде жаш саясатчылар форуму, “Жашыл Кыргызстан”, “Элиме”, “Кел-кел” өңдүү жана башка жаш уюмдар кирет. Биздин эң башкы максатыбыз бул ХИПИК программасы гана эмес, парламентти таркатуу жана башка акциялар болот. Бул дагы жаштарды бириктире турган жана прогрессивдүү ойлорду, идеяларды чагылдырган саясий үчүнчү күч катары чыкканга дагы бир далалат, дагы бир кадам десек жаңылышпайбыз.

- Демек бир нече уюм биригип атабы?

- Ооба. Бул мурунку «Антихипик” кыймылы. Дегеле азыр ошол теманын аркасында көптөгөн саясий күчтөр саясий упайларды топтогонго аракет жасап атышат. Бирок унутпашыбыз керек, бул биринчиден, экономикалык проблема, анан гана саясий проблема болушу ыктымал. Бул бийликти кетирүү, же башка жолдорду көздөбөйт. Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча менин да сунушум бар эле жарандык коомго. Алар жөн эле айкырык катары “ХИПИК кетсин, жоголсун” дегенден алыс болуп, чыныгы очойгон карыздан кутулуунун аракеттерин, жолдорун, альтернативалык багыттарын түзүп, иш кылсак жакшы болот эле. Биз жаштар саясий кыймылы 7-февралга божомолдоп чоң конференция өткөргөнү турабыз. Анда альтернативалык жолдорду издөөгө сунуштарды киргизебиз. Ошол конференцияда биздин сунуштар, программалык тезистер, саясий кыймылдын багыттары аныкталмак.

- Бүгүн өлкөнүн коопсуздук кеңешинин жыйыны улантылат деп күтүлүүдө. Жыйындын жаңы жылдык алдындагы бөлүгүндө коомдук саясий кырдаал, парламенттин тагдыры талкууланганы айтылган. Бирок ошол эле күнү Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алган эле, президент ага азырынча кол коё элек. Бирок коопсуздук кеңеши ал өзгөртүүгө кол коюну мамлекет башчысына сунушташы ыктымал. Сиздин жеке пикириңизде ушуну менен Конституциялык талаш-тартыштарга убактылуу болсо дагы чекит коюлду деп айтууга болобу?

- Чекит коюлду деп айтсак болбойт. Анткени азыр Конституция жарым жартылай, же президенттик эмес, же парламентке толук ыйгарым укукту берген эмес. Азыркы парламентти кетирсе биз көптөгөн жоготууларга дуушар болбойбуз. Тескерисинче, жаңы багыт саясий күчтөрдүн демин, бугун чыгарууга жол ачат эле. Анткени азыркы учурда реалдуу күчтөр парламенттин ичинде эмес, парламенттен сырткары болуп жатат оппозициялык жактан да, бйилик жактан да. Өзгөчө жаштар үчүн бул жылы шайлоолор өтсө абдан жакшы болот эле. Ошондуктан биз саясий күч катары парламентти таркатууга үндөйт элек жана ага карата акцияларды да уюштурабыз.

XS
SM
MD
LG