Линктер

бейшемби, 14-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:16

ЫҢКЫЛАПТАН КИЙИН МААЛЫМАТ МАЙДАНЫНДА ЭМНЕ ӨЗГӨРДҮ?


Мурдагы бийликтин бирден-бир катасы катары негизги маалымат булактарын бир колго топтоп алып, бир жактуу маалымат таратууга жасаган аракети айтылып келет. Адистердин баамында 2005-жылдагы 24-март окуясынын башкы себептеринин бири да ушунда жатат. Андан бери Кыргызстандын маалымат айдыңында кандай өзгөрүүлөр болуп өттү, деги сөз эркиндиги кандай абалда?

Сөз эркиндиги – анын канчалык деңгээлде болгондугу демократиялык жолго түшкөн мамлекеттердин күзгүсү катары каралып келет. Эгемендиктен кийинки 15 жылдык Аскар Акаевдин доорунда демократиялык мамлекет куруу аракеттери жасалып, сөз эркиндигинин пайдубалы түптөлгөн эле. Кийин да эларалык талдоочулар Акаевдин доору, эркин массалык маалымат каражаттарына кыйла эле кысым болгонуна карабай коңшу өлкөлөргө караганда алда канча либералдуу болгондугун айтып чыгышты.

Ошентсе да 2005-жылы бийликке нааразы болуп көчөгө чыккан элдин негизги талаптарынын катарында “сөз эркиндиги” турганы маалым. “Эркин басылмалардан колуңарды тарткыла”, “КТР реформалансын жана коомдук телеканалга айлансын”, - деген талаптар так ошол кезде кабыргасынан коюлган.

Бирок, буга окшогон талаптар аткарылбай калды, ыңкылап мүдөөсүнө жеткен жок, - деген тараптар кийинчерээк кайрадан бийликке катуу сындарды айта башташты. Жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз талдоочулар да март окуясынан кийин маалымат майданында көп деле өзгөрүү болбогондугун айтышууда. Өзгөчө, Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары оппозициячыл жана өкмөттүк болуп эки жээкти ээлеп, бири-бири менен кайым айтышуу менен гана алек деген пикирлер күч. Эларалык “Заман Кыргызстан” гезитинин баш редакторунун орун басары Абдыкерим Муратовдун пикири да буга үндөш:

- Саясат менен чыккан гезиттер негизинен чөнтөктүү кишилердин акчасына чыккандан кийин ошолордун кызыкчылыгын көздөшөт. Анан өкмөттүн кызыкчылыгын көздөгөндөр бар. Ушулардын ортосунда элдин башы айланган учурлар бар. Бир эле окуяны эки башка чагылдырышат. Былтыркы жылкы ноябрдагы митингди көрбөдүкпү, КТРден көрсөк башкача митинг, НТСтен көрсөк башкача митинг.

“Замандаш” журналынын башкы редактору Бакай Шүкүровдун айтымында 24-март окуясынан кийин массалык маалымат каражаттарында эч кандай өзгөрүү байкалган жок:

- Курманбек Бакиевдин бийлигинин учурунда ошол эле көрүнүштөр кайталанып келатат. Президентти жактаган гезиттер жактаган гана саясаттан көтөрүлө албай койду, оппозицияда тургандар дагы эле ошол. Ошол эле массалык маалымат каражаттарына чыгып аткан материалдар деле кандайдыр бир жаңычылдыкка эмес, эки жаат тирешүү же болбосо бирөөнүн кызыкчылыгын көздөө иретинде жарыяланып жатканын баарыбыз эле көрүп-билип, окуп атсак керек.

Оппозициячыл жана өкмөттүк басылмалардын пикири качан бир жерден чыгат?

Ал эми менчик басылмалар дагы да болсо Акаевдик доордогудай кысмакка алуулар, коркутуп-үркүтүүлөр, бут тосуулар уланып жатканын айтышууда. Оппозициялык маанайдагы “Кыргыз руху” гезитинин башкы редакторунун орун басары Жазгүл Масалиева бийликти сынга алган басылмаларга ар кандай жолдор менен бут тосуулар болуп жатканын кеп кылды:

- Бизге кандайдыр бир таасир берүү ыкмаларын таппагандан кийин, гезитке жазылуу жагынан кысым көрсөтүп атат. Бизде мобул 2006-жылы жазылуу түштүк регионунда болгон жок. Жеке губернаторлордон, губернаторлордун орун басарларынан бизге “эгер силер сынды азайтпасаңар, силердин гезитиңерге жазыла албайбыз”, - деген ушундай эле ачык жооп болду.

Оппозициячыл “Агым” гезитинин кабарчысы Жеңишбек Эдигеев да мурункудай эле бийлик тараптан басым-кысымдар уланып жатканын ырастады.

Ал эми өкмөттүк “Эркин тоо” гезитинин башкы редактору Сакы Садыков мындай пикирлерге кошула албайт. Анын айтымында азыркы бийликтин келиши менен массалык маалымат каражаттарына болгон кысым кыйла азайды:

- Кийинки мезгилде, азыркы бийликтин келиши менен массалык маалымат каражаттарына болгон кысым азайды. Мына бүгүнкү күнгө чейин бир дагы гезит-журнал жабылбады, канчалык оор сын-пикирлер айтылса дагы.

Менчик телекомпаниялардын бүгүнү, адис пикир, контраргумент...

24-март окуясынан кийин өзгөчө менчик телеканалдардын айланасында талаш-тартыш маселелер болуп келди. Маселен “Пирамида” телекомпаниясынын жетекчилиги алмашты. Мурдагы жетекчиликтин айтымында, эми канал бийликти колдогон позицияга өтмөкчү. Ал эми “КООРТ” телекомпаниясындагы жаңылыктардын берилишинен улам, алар бийлик тарапка ыктап калганы байкалат. Мурда отуз пайызы оппозициячыл депутат Өмүрбек Бабановдун колундагы НТС телекомпаниясынын да мизи кайтып калганы айтылууда. НТСтеги “На чистоту” аналитикалык программасынын автору жана алып баруучусу Азис Шаршенбаевдин айтымында, алар Өмүрбек Бабанов өз акциясын сатканга чейин да, андан кийин да бир калыпта иштөөгө аракет кылып келишет. Анын пикиринде НТС жөн гана дүйнөлүк стандарттарды карманууга аракет жасап жатат:

- Экинчи ноябрдан тогузунчу ноябрга чейин НТСтин жүргүзгөн иштерин көрүп туруп, НТСке оппозициялык канал деген ат коюп жиберишти. Биз эч кандай бийликке да тартпайбыз, оппозицияга да тартпайбыз. Биз өзүбүздү дүйнөлүк стандарттар менен иштеген телеканал катары гана эсептейбиз.

Массалык маалымат каражаттарына талдоо жүргүзгөн адистердин айтымында деле сөз эркиндиги жаатында анчейин өзгөрүүлөр болгон жок. Айрым учурларда басым-кысымдар ачык эле байкалат. Маселен, Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбековдун ырасташынча, кийинки убактарда Башкы прокуратура массалык маалымат каражаттарына карата көрсөтмө-эскертүүлөрдү мурункудан көп бере баштады:

- Акаевдин доорундагы прокуратурадан берген көрсөтмөлөр менен 24-марттан кийинки көрсөтмөлөрдү салыштырсак, бул эки-үч эсе көп болуп кетти. Мыйзам чегинде жазылган сын пикирлер тууралуу деле прокуратура чыга калып эле мыйзамды буздуңар деп өзүнүн көрсөтмөлөрүн берип келатат. Бул сөзсүз түрдө коркуткандык, үркүткөндүк.

Ошондой эле ал журналисттерге карата түшүп аткан доо-арыздардын ээлери бийликте отургандар болуп жатканы өкүнүчтүү экендигин баса белгиледи:

- Жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге болуп аткан доо-арыздардын ээлери бул көп учурда бийликте отурган чиновниктер болуп келишет. Бул абдан эле туура эмес, терс көрүнүш.

Ошентсе да Баш прокурордун маалымат катчысы Токтогул Какчекеев мындай пикирлерге караманча каршы. Анын айтымында Башкы прокуратура мыйзамда көрсөтүлгөн нерселерди гана аткарып жатат:

- Биздин милдет конституцияны жана ошол конституциянын негизиндеги мыйзамдардын талабын аткарыш. Биз ошол мыйзамдардын негизинде гана адамдын аброюна шек келтирген же мамлекеттик жетекчилерге шек келтирген нерселер болсо көрсөтмө-эскертүүлөрдү берип атабыз.

МТРКнын айланасындагы талаш-тартыштар бүтчүдөй эмес

“Журналисттер” коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев 24-март окуясынан кийинки үмүт-тилектер ишке ашпай калды деген ойдо. Ал муну мындайча түшүндүрдү:

- 24-марттагы окуя болгондон кийин чоң үмүттөр болгон, өзгөрүүлөр болот деп. Биринчиден бул КТРге байланыштуу үмүт болчу, аны коомдук кылабыз деп ойлогонбуз. Анан ошондой эле мамлекеттик гезиттерди менчиктештирип жиберебиз деген ой бар болчу. Бул теңдикке алып келет деген ойдо болгонбуз. Бирок, тилекке каршы ал үмүттүн баары ишке ашпай калды.

Айрым талдоочулардын айтымында сөз эркиндиги эң оболу өлкөнүн башкы маалымат каражаты болгон Мамлекеттик телерадио компаниясынан башталышы керек эле. Бирок, бул жаатта аны коомдук телеканалга айлантуу иш-чаралары мүдөөсүнө жеткен жок. Ошентсе да бийлик тарап Ош мамлекеттик телеканалын коомдук кылып, ЭлТР деген ат менен кайра түздү. Байкоочулар мындай кадамды МТРКны коомдук кылуу талабын койгондордун демин басуу үчүн жасалган аракет катары баалашууда. Чындыгында ЭлТР экинчи мамлекеттик каналдын гана милдетин аткарып жатат дешүүдө.

Ыңкылаптан кийинки сөз эркиндиги жана МТРКнын айланасындагы кеп-сөздөр тууралуу анын башкы директорунун орун басары Бейшенбек Бекешовго да микрофон сундук:

- Сөз эркиндиги азыркы мезгилде Кыргызстанда бар тургай аябай кубанарлык деңгээлде десек да болот.

- МТРКны коомдук телекөрсөтүү кылабыз деген пикир көтөрүлүп кетти эле. Аны коомдук кылууга сиздер макулсуздарбы?

- Эгерде коомдук деген нерсе КТРди жалпы элдик кызыкчылыкка баш ийдирүү деген нерсе болсо, анда буга эч кандай каршылык жок. Анан коомдук телекөрсөтүү дегенди түрткүлөп аткандардын көз карашынан же ошолордун тейинен карап көрсөк, анда бул деген КТРди жалпы элдик кызыкчылыкка баш ийдирүү максаты эмес, бул КТРди бөлүп-жарып талкалоо. Белгилүү бир саясий же коомдук күчтөрдүн максатына баш ийдирүү максатында жүрүп атат. Ошондуктан мындай багытка биз караманча каршыбыз. Ал эми коомдук кеңешке башка мамлекеттик уюмдардан жана партиялардан киргизүү деген сөз бул болбогон иш. Себеби, мунун критерийи жок кимди киргизүүнүн. Бул дагеле жанагы КТРди бөлүп-жарып кетебиз деген тараптын шылуундугу сыяктуу нерсе. Ошол жакка өз кишилерибизди өткөрүп алып, анан ошолор аркылуу КТРди башкарабыз, КТРди мобундай максаттарга баш ийдиребиз деген эле максат менен ошону жасап атышат.

КТРди реформалоо талабын койгондор негизинен МТРКнын алдында байкоочу кеңеш түзүү керектигин айтып келишет. Жакында эле президент Курманбек Бакиев да МТРКнын алдында байкоочу кеңеш түзүү боюнча жарлык чыгарды. Марат Токовдин пикиринде бул жарлыкта калыстык байкалбайт:

- Мына жакында президентибиз өзү жарлык чыгара койду, МТРКнын алдында байкоочу кеңеш түзүү боюнча. Анда парламенттен, президенттен өкүлдөр бар. Анан эле жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ордуна МТРКнын өкүлдөрүн киргизип койгон. Бул өз ишиңди өзүң жасап туруп, өзүң көзөмөл кылгандык болот. Андай болсо байкоочу кеңешти түзүүнүн кереги эмне эле. Байкоочу кеңеш башкы директорду сунуштайт, шайлай албайт. Аны президент бекитет, а ким бекитсе ошол киши алат да. Демек сен баарыбир кандай иш кылбагын, кандай саясат жүргүзбөгүн баарыбир кылчактап турасың бийлик тарапка. Коомдук теледе мурдагы мыйзам долбоорунда байкоочу кеңеш өзү ачык сынактын негизинде башкы директорду шайлашат, аны алышат. Президент, өкмөт, парламент буга кийлигише албайт. Жанагы айткан үч бутак, президент, өкмөт, парламент да байкоочу кеңештеги өз өкүлдөрү аркылуу өз саясаттарын жүргүзгөнгө аракет кылышат.

Ошентип ыңкылаптан кийинки сөз эркиндиги тууралуу пикирлер ар түрдүү. Негизинен бул жаатта анчейин өзгөрүүлөр болгон жок деген пикирлер күч болууда.
XS
SM
MD
LG