Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 02:27

ПАРЛАМЕНТ АСКЕРИЙ УЮМДАРДЫН ИШ ТАРТИБИН КӨЗӨМӨЛДӨГӨНҮ КАЛДЫ


Жогорку Кеңеш «Аскерий уюмдарга парламенттик көзөмөл жөнүндө» мыйзам кабыл алды. Ага ылайык эми парламентте аскерий мекемелерге көзөмөл жүргүзүү боюнча өкүлчүлүк түзүлүшү керек. Бирок, аталган мыйзамды бир катар депутаттар артык баш демилге катары сындап жатышат.

Бүгүн депутаттар «Жибек жолу» депутаттык тобунун парламенттин таасирин күчөтүү максатын көздөгөн эки мыйзам долбоорун талкуулашты. Алардын бирин – «Депутаттык иликтөө жүргүзүү жөнүндөгү» долбоорун парламент колдогон жок. Ал эми «Аскерий уюмдарга парламенттик көзөмөл жөнүндө» мыйзам кабыл алынганы менен, өзөктүү талаш-тартыштын жаралышына түрткү берди.

Президенттин колдоосуна ээ болсо, аталган мыйзам аркылуу парламент аскерий мекемелер системасын башкаруунун тартибин, милдеттерин, укуктарын, аскер кызматкерлеринин, аскер күчтөрүнүн, органдардын жарандык укуктарын көзөмөлдөйт. Бул милдетти парламенттин коргоо, коопсуздук комитетинин деңгээлинде дайындалган өкүл өзүнө алат жана ал коомдук башталышта иштейт. Сессияда мыйзамды коргогон депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, бул Жогорку Кеңештин таасирин күчөтөт. Мындай көзөмөлдүн жоктугунан коргонуу тармактары өзүнүн негизги милдетине – тышкы агрессиядан өлкөнү коргоо милдетине маани бербей, ички маселелер менен алектенип калууда.:

- Төрт согушчан келсе бир тонна бензин таппай вертолет он эки саат кармалды. Ошол эле учурда биякта үч айда бир парад өтүп атат. Ар бир парадка үч миллион сомдон кетет. Ошого Жогорку Кеңеште көзөмөл жок болуп атпайбы. Көзөмөл кылчу механизм жок болуп атпайбы. Мыйзамда бул механизм жазылып атпайбы.

Аскерий тармактарды коомчулуктун көзөмөлүнө алууга мезгил жетти деп эсептеген бир топ депутаттар аскерий органдарды өздөрүн жабык орган катары эсептеп, ачык-айкындык талабын эске албай жатат деп сындашты. Депутат Муратбек Мукашев Кыргызстан ачык-айкындык саясат жүргүзгөн көптөгөн башка мамлекеттердин жолуна түшүшү керек дейт.

Ошондой болсо да кыйла депутаттар кескин каршы чыгышып, бул мыйзам парламентке аброй да алып келбейт, аскерий органдардын ишин да жакшыртпайт дешет. Депутат Бекназаровдун айтымында, бири-бирин кайталаган мыйзамдар көп болуп жатат:

- Андай болбойт. Андан көрө ушул жерге алып келип чара көрөлү. Эски Конституция да, азыркысы да жол берет. Ал эми силер айтып аткан дүйнөлүк практика - толук парламенттик өлкөлөрдө. Мисалы, Түркияда коргоо министри жарандык киши.

Депутат Болот Шерниязовдун баамында аталган мыйзам бир катар мыйзамдарга, ириде «Мамлекеттик сыр жөнүндөгү» мыйзамга каршы келет деп эсептейт. Депутаттардын айрымдары аскерий тармактардын ишин бир эле министрдин ишмердүүлүгүнө байлоонун кажети жок экенин да белгилеп кетишти.

Жогорку Кеңеш менен Коргоо министрлигинин ортосунда былтыр жайда имарат талаш чатагы чыккан. Акылбек Арстанбековдун айтымында:

- Бир окуяны экинчи окуя менен аралаштыра берүүнүн кереги жок. Ушундай окуя болду деп эле жок жерден мыйзам чыгара берген болбойт. Ансыз деле парламент көзөмөл жүргүзө алат. Ал жөнүндө бардык жерде жазылган.

Ушундай кызуу талашка түшкөнү менен акырында долбоорду 49 депутат кубаттады. Эми парламент коргоо, ички иштер, юстиция, өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, чегара, коопсуздук кызматтарынын, Улуттук гвардиянын, кылмыш аткаруу тармактарынын карамагындагы атайын аскерий мекемелерди көзөмөлгө алат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG