Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:46

КООПСУЗДУК КЕҢЕШИНИН ЧЕЧИМИН ОППОЗИЦИЯ СЫНГА АЛУУДА


11-январда өкмөт үйүндө өткөн Коопсуздук кеңешинин чечимин оппозиция өкүлдөрү сынга алууда. Коопсуздук кеңеши парламент 30-декабрда кабыл алган Конституциянын жаңы редакциясына президент Курманбек Бакиев кол коюшу керек деген сунушту кабыл алган. "Азаттыкка" берген интервьюсунда оппозиция өкүлдөрү бул чечимди сынга алууда.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ, депутат:

-Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуунун тартиби парламент тарабынан бузулган. Ар кандай мыйзамдын, өзгөчө Конституциянын күчү - бул кабыл алынганда мыйзамдуу тартиптердин сакталышы болуп эсептелет. “Атамекен” социалисттик партиясы бул боюнча позициябызды билдиргенбиз. Эгерде президент коомчулуктун айтканын укпай, бул мыйзамга кол койсо менин оюмча туура эмес болуп калат. Бирок бул окуя абалды канчалык курчутат, же өзгөртөт - аны айтыш кыйын. Жалпы коомчулуктун реакциясын байкап көрүш керек.

Бир тарап ошентип атат. Биздин оюбузча мыйзамдын нормалары бузулган. Бул мыйзамсыз кабыл алынган Конституция. Бирок ошого карабастан президент кол койсо “Реформа үчүн” кыймылы кеңешип өз позициясын дагы бир жолу билдирет.

Эдил БАЙСАЛОВ, саясатчы:

- Коопсуздук кеңеши Курманбек Бакиев 24-марттан кийин бийликке келгенден кийин, мурун деле Аскар Акаевдин учурунда - жылына 2-3 жолугуп, жакшы орган болуп берген жок. Негизи коопсуздук кеңеши эң негизги орган болуш керек. Бийликтин ар кандай бутагындагылар ошол жерде кеңеше турган жалгыздан жалгыз ушул эле орган бар. Бирок тилекке каршы жакшы иштей алган жок. Мен ойлойм, албетте мындай коопсуздук кеңешинде ар кандай саясий, экономикалык орчундуу проблемалар талкууланышы керек дагы, ошол жерде конституциялык жол менен ошондой маселелер каралууга тийиш.

XS
SM
MD
LG