Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:52

ИВАНОВДУН ЖЕСИРИНЕ КОМПЕНСАЦИЯ ТӨЛӨНӨТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек “Манас” аскердик базада америкалык аскердин огунан каза тапкан Александр Ивановдун үй-бүлөсү адвокат жалдады. Бейшембиде бул кайгылуу окуя боюнча базанын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, анда АКШ өкмөтү жабырланган тарапка компенсация төлөп берери белгилүү болду.

Америкалык аскердик базанын кол башчысы Жоэл Скот Рис каза тапкан айдоочунун жесири Маринаны жана жабырланган тарапты коргоп аткан адвокат Галина Скрипкинаны кабыл алды. Адвокаттын айтымында, бул жолугушуу америкалык тараптын демилгеси менен уюштурулду.

АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович “Азаттыкка” берген маегинде Ивановдун үй-бүлөөсү эгер туура деп тапса, компенсация талап кылган доо арыз менен кайрылса болот деп билдирген:

- Ошол күнү окуя кандай болгон күндө да бул кейиштүү трагедия экенин айткым келет. Биз Ивановдун үй-бүлөсүнө терең көңүл айтабыз, азыр алар оор күндөрдү баштан кечирип атышат. Бул иш боюнча тергөө иштери уланууда, жыйынтыгы чыккандан кийин Ивановдун үй-бүлөсү бул багытта өз доо арызын берсе болот, эгер туура деп тапса.

Бейшемби күнү америкалык базадагы жолугушууда компенсация төлөп берүү тууралуу сөз болду. Адвокат Скрипкинанын колуна АКШ өкмөтүнөн моралдык жана материлдык компенсация талап кыла турган доо арыздын үлгүсү тапшырылды жана аны жазуунун жол-жобосу түшүндүрүлүп берилди. Галина Скрипкинанын айтымында, Ивановдун үй-бүлөөсү компенсациянын өлчөмү тууралуу азыр сөз кылган жок:

- Биз аныктаган жокпуз. Америкалык тарапка биз моралдык компенсациянын көлөмүн АКШнын мыйзамдарында каралган өлчөмдөн алып карагыла деп атабыз. Күнөөлүү адам америкалык мыйзам боюнча жазаланат да, ошондуктан адатта мындай окуялар болгондо америкалык соттор канча
компенсация төлөтөт, ошондон алып карашсын,-
дейт адвокат Скрипкина.

Бул жолугушууда америкалык аскер кандай жаза алаары тууралуу кеп болгон жок. “Бирок тергөө иштери улантылып аткандыгын түшүндүк” дейт адвокат. Ошентип жабырланган тарап америкалык тарап берген кагаздарды толтуруп, документтерди топтогонго камданууда. АКШ өкмөтүнө бул доо арыз жөнөтүлүп, андан кийин америкалык соттордун биринде каралат. Бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери кандай болуп, аскер кандай жаза алаарына карабастан компенсация маселеси боюнча иш өзүнчө карала берет экен. Бирок эң башкысы аскер өз жазасын алышы керек дейт адвокат.

- Тергөө бүтөөрү менен, албетте жазаланышын талап кылабыз. Ивановдун үй-бүлөөсү эч качан бул аскердин жазаланашын талап кылуудан баш тартпайт. Сөз жок, тиешелүү жаза болушу керек,- дейт Галина Скрипкина.

Александр Ивановдун жесири Марина Иванова азырынча журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартууда. Адвокаттын айтымында, ал азыр сөз башталганда эле көз жашын төгүп, журналисттердин суроолоруна жооп бергидей абалда эмес.

Александар Иванов 6-декабрда базада иш убагында америкалык аскердин огунан набыт кетти. 20 жаштагы Закари Хэтфилд аны эки жолу көкүрөккө аткан.

XS
SM
MD
LG