Коопсуздук Кеңешинде Конституциянын жаңы редакциясынын өзгөртүлгөн беренелери тууралуу толук маалымат берген Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов 9-ноябрда жаңы Конституция шашылыш кабыл алынганын, айрым депутаттар аны окубай эле ошол кездеги кырдаалга байланыштуу добуш беришкенин баса белгиледи. Ал ошондой эле өткөн жылдагы ноябрда кабыл алынган Баш мыйзамда бири-бирин кайталаган, бири-бирине карама-каршы келүүчү кырктан ашык беренелер өзгөртүлүп, толукталганын билдирди. Докладынын соңунда Султанов Конституциянын жаңы редакциясына президенттин кол коюусун өтүндү.
"Урматтуу президент жогоруда айтылгандарды эске алып, 2006-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Конституциянын жаңы редакциясына сиздин кол коюуңузду өтүнөт элек.
Султановдун сунушун Коопсуздук Кеңешинин мүчөлөрү дээрлик бардыгы колдой тургандыктарын билдиришти.
Ал эми “Ата мекен” партиясынын лидери, парламент депутаты Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, Коопсуздук Кеңешинин сунушу менен Конституциянын жаңы редакциясына президенттин кол коюушу туура болбойт.
"Конституциянын жаңы редакциясынын кабыл алуу тартиби парламент тарабынан бузулган. Ар кандай мыйзамдын, өзгөчө Конституциянын күчү - бул кабыл алынганда мыйзамдуу тартиптердин сакталышы болуп эсептелинет. “Ата мекен” партиясы бул боюнча позициябызды билдиргенбиз. Эгерде президент коомчулуктун айтканын укпай, бул мыйзамга кол койсо менин оюмча туура эмес болуп калат. Бирок канчалык бул коомчулукта абалды курчутат, же өзгөртөт аны айтыш кыйын. Жалпы коомчулуктун реакциясын байкап көрүш керек.
Айрым байкоочулар, саясатчылар эгерде президент Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол койсо коомчулукта нааразылыктар күчөшү мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.
“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Эдил Байсаловдун көз карашында, Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү саясий-экономикалык орчундуу көйгөйлүү маселелерди талкуулап, калыс, адилет баасын берүүсү керек:
"Бул Коопсуздук кеңеши эң негизги орган болуш керек. Ар кандай бутактагы бийликте тургандар кеңеше турган жалгыздан жалгыз ушул эле орган бар. Бирок тилекке каршы жакшы иштей алган жок", - деди Эдил Байсалов.
Коопсуздук кеңешинде талкууланган Баш мыйзамдын жаңы редакциясына президент качан кол коеру азырынча белгисиз. Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиянын төрагасы Турсунбек Акун Коопсуздук Кеңеши сунуштаган Конституциянын жаңы редакциясына президенттин кол коюушун колдобой тургандыгын билдирди.