Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:14

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ: ПРЕЗИДЕНТКЕ ӨЗГӨЧӨ ШАРТ ТҮЗҮЛҮП ЖАТАТ


Улан Алымкул уулу, Прага Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен учурда өлкөбүздө кабыл алынып жаткан жаңы Конституция боюнча кабарчыбыз Улан Алымкул уулу маектешкен.

- Биздин угармандар Коопсуздук кеңешинин кечээки сунушу менен учкай таанышышты. Президент Курманбек Бакиев эми Коопсуздук кеңешинин сунушуна ылайык жаңы редакцияга кол койсо керек. Талаштын баары бийлик бөлүштүрүүгө барып такалып келбедиби. Эми Баш мыйзамдын жоболоруна жок дегенде он жылга чейин кайрылуунун зарылдыгы болбойт, талаш-тартыштары токтойт деп айта алабызбы. Кайра-кайра өзгөртүү мамлекеттүүлүктүн укуктук негиздерине шек келтирбейби?

- Биринчиден, бул жаңы деп аталган редакцияны кабыл алуу мыйзамды бузуу жолу менен башталды. Төрттөн ашык кайра-кайра добушка коюп отуруп, басым көргөзүү жолу менен бул мыйзам өттү. Анын өтүүнүн өзгөчө эрежелери бар. Үч айдан кем эмес, алты айдан эрте эмес. Конституциялык соттун тыянагын алгандан кийин Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынышы керек. Бул механизм атайын иштелип чыккан. Анткени чу дегенде эле Жогорку Кеңеш ары же бери ооп кетпестен, аны жети өлчөп кескенге убакыт болсун дегендей механизм. Мына өкмөт атайын кризис түзүп, өкмөт тарабы эми парламентти таратыш керек деп ультиматум койгондон бери бир ай өтө элек.

Бир айдын ичинде канча өзгөрүүлөр болду. Мына ошол эле өкмөт бир жума мурун эле парламент тарабаса болбойт, бул Конституциянын жаңы редакциясына кол койбоңуз деп оппозиция менен үндөш болуп жаткан өкмөт кечээ Коопсуздук комитетинде бир ооздон кайра ушул жакшы экен деп, жаңы редакцияга кол коюңуз деп чыкты. Бул бүгүнкү өкмөт мүчөлөрүнүн туруктуу көз карашы жок экенин билдирет, же болбосо акыры келип алар туңгуюкка алып келген кризиске өзүлөрү күнөөлүү экенин моюнга алгандыгын билдирет. Мен ойлойм президент бул Конституцияга кол коюу менен процедураларды бузуп, мыйзамды кабыл алуу мүмкүн экендигин дагы бир жолу көргөзөт.

- Мурдагы вариант менен азыркы варианттын редакциялык тактоолорду эске албаганда негизги өзгөчөлүгү эмнеде?

-Акыркы вариант боюнча президент мыйзам чыгаруу укугуна ээ. Парламент өзүн-өзү тараткандан кийин жаңы парламент келгенге чейин президент мыйзам чыгарат. Акаевдин убагында ал мыйзамды жаңы парламент бекитиш керек болсо, азыркы редакция боюнча ал бекилбейт. Ал күчүндө калат. Бул биринчи өзгөчөлүгү. Мурда кабыл алынган Конституцияда президент, жалпы эле ким болбосун референдум менен Конституцияга өзгөртүү, түзөтүүлөрдү киргизүү жок болгон болсо, азыр президент референдум менен өзгөртүү киргизүүгө мүмкүнчүлүк алып отурат.

Жол бир аз татаалданды. Мурун өкмөт мүчөлөрүнүн дээрлик баардыгы премьер тарабынан сунушталса, азыр күч структураларынын жетекчилери президент тарабынан жеке дайындалат. Ал эми булар кимдер дегенге келгенде, “аппетит тамак үстүндө ачылат” дегендей өкмөттүн жарым мүчөсүнө чейин көбөйүп кетиши мүмкүн. Анткени, бул Конституцияда так көргөзүлгөн эмес. Мурун жергиликтүү бийликтерди дайындоо мыйзам менен аныкталаары белгиленип, ал өкмөткө өтө турган болсо, азыр аким менен губернаторлорду президент өзү түздөн-түз дайындай турган болду. Бул негизги өзгөрүү.

Албетте, жаңы редакцияда таптакыр туура эмес, жакшы жерлери жок деп айтышка болбойт. Мурун шашылыш түрдө кабыл алынган бир нече карама-каршы жерлери жокко чыгарылды. Мурунку редакция боюнча кырк бештен кем эмес депутаттык орун пропорционалдык система менен кетсе, сиз айткандай чек коюлган эмес, 60-70 болуп кете бермек. Азыр бул норма 45-45 деп көргөзүлдү. Кырк беш бир мандаттуу округ болот. Кырк беши партиялык принцип менен шайланат. Мына ушуга окшогон өзгөрүүлөр бар. Албетте, бул өзгөрүү 2010-жылга чейин толук күчүнө кирбейт. Конституциялык өзгөрүүлөр президентке мурункусу да, азыркысы да президентке чоң укук берип жатат. Акаевдин Конституциясы ар бир өкмөт мүчөсү парламент менен макулдашылсын деген. А биз 2010-жылга чейин президент менен макулдашып, баарын өзү жеке дайындайт деп макулдукту бергенбиз. Мурунку Конституцияда да, азыркы да да. Бул деген бүгүнкү президентке өзгөчө шарт түзүлүп берилип жатат дегендик. 2010-жылдан баштап өкмөт партиялык негизде түзүлмөкчү.

- Конституцияга кол коюлгандан кийин жаңы өкмөттү курууга кадам болот го. Кокус Куловдун талапкери кайра сунушталса, колдоо табабы? Сиздин божомол кандай?

-Ал өкмөттү күтүп отурбастан жаңы Конституциянын кол коюлганын азыртан башташ керек. Анткени, эски редакциянын алкагында, бүгүнкү редакциянын алкагында, жаңы кол коюла турган редакциянын алкагында деле өкмөттү дайындоо шарттары аныкталган. Бул бүгүнкү өкмөт жөнүндөгү конституциялык мыйзам. Ал конституциялык мыйзам боюнча президент өкмөттү толуктап, калыптай берсек болот.

XS
SM
MD
LG