Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

А.БЕКНАЗАРОВ: ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫ КОНСТИТУЦИЯГА КОЛ КОЙСО, МЫЙЗАМСЫЗ БОЛОТ


Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов депутаттарга Коопсуздук кеңеши президентке Конституциянын жаңы редакциясына кол коюңуз деген сунушун бергенин маалымдады. Ал ошондой эле Конституциянын жаңы редакциясына президент К.Бакиев жакын арада кол коёрун жарыялады. Депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде, президент Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюу жоопкерчилигинен качып, бул маселени атайын Коопсуздук кеңешинин талкуусуна койду.

Спикер Марат Султанов 11-январда болуп өткөн Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Конституциянын жаңы редакциясы бир добуштан колдоого алынганын билдирди. Анын айтымында, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү толук курамы менен президентке Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коюуну сунуштап, чечим чыгарышкан.

- Жакынкы арада президент Конституциянын жаңы редакциясына кол коюп берет. Ал айтты, андан кийин жаңы өкмөт башчысын киргизем. Өкмөт башчысы Жогорку Кеңешке өкмөттүн жаңы структурасын киргизет. Анан жаңы структуралардан кийин өкмөт жөнүндө мыйзамды киргизебиз, дешти. Президент ошонун негизинде жаңы өкмөттүн курамы менен бүт мыйзамдарды карап берүүнү суранды, - деди Марат Султанов.

Ал эми депутат Азимбек Бекназаров Конституциянын жаңы редакциясын Коопсуздук Кеңешинин талкуусуна коюп, президент өзүнөн жоопкерчиликти алып салууну көздөп жатканын айтты:

- Эми Коопсуздук Кеңешинин чечими менен, сунушу менен мен кол коюуга мажбур болдум деген ойду президент айтып чыгат. Анткени, коомчулук тарабынан эгерде кол койсоңуз Конституцияны буздуңуз деп президентке жарлык тагылганы атпайбы. Бирок президент «Коопсуздук кеңеши сунуш берди, ошондуктан мен кол коюуга мажбур болдум», дейт. Бирок Коопсуздук Кеңешинин мындай ыйгарым укуктары жок. Экинчиден, Коопсуздук Кеңешинин бардыгы, Кулов баш болгон мүчөлөрү отставкага кеткен, алардын мүчө болгонго дагы укугу жок. Алар убактылуу милдетин аткаруучу болуп турушат да.

Бекназаров ошондой эле бейшембидеги Коопсуздук Кеңешинин жыйынына Жогорку соттун төрагасы Курманбек Осмонов катышпаганын белгиледи.

Парламент депутаты Дооронбек Садырбаев да Коопсуздук кеңеши легитимсиз орган экендигин айтып, анын мүчөлөрүнүн президентке Конституциянын жаңы редакциясына кол коюуну сунуштаган чечимин мыйзамды одоно бузуу деп эсептейт.

Депутат Темир Сариевдин көз карашында, мындай кырдаалда президент Конституциянын гаранты катары мыйзамдуулукту сакташы керек.

- Эгерде президент азыр Баш мыйзамдын жаңы редакциясына кол коём десе, Конституциялык Сотко жиберип, анын чечимин алып, андан кийин кайрадан Жогорку Кеңешке киргизип, парламент карап чыккандан кийин анын эртеси кол койсо бул мыйзамдуу болот. Ошондо гана президент Баш мыйзамдын негизги гаранты катары Конституцияны сыйлап, сактап, башкаларга үлгү көрсөтөт, - деди Темир Сариев.

Айрым бир маалыматтарга караганда, президент Курманбек Бакиев Конституциянын жаңы редакциясына 15-январда кол коюшу күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG