Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:35

ДАРЫ-ДАРМЕК КОНТРАБАНДАСЫ ТАРТЫЛДЫБЫ?


Эдил Сапарбек уулу, Бишкек 2006-жылы дары-дармек контрабандасы менен күрөшүү иш чараларынын натыйжасында, сегиз ишкананын 820 миңден ашык сомдогу дары-дармеги, андан тышкары соттун чечими менен таза контрабанда деп табылган 967 миң сом баадагы дары-дармек жок кылынган.

Саламаттыкты сактоо министирлигинин астындагы дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин жетекчиси Рустам Курмановдун айтымында бул проблемалар менен күрөшүүдө өткөн жылы башка фискалдык органдар менен биргелешип контрабандалык дары дармектерди сатууга каршы 21 рейд жүргүзүлгөн.

- Натыйжада Ош, Орто сай, Аламедин жана Дордой дүң базарларынан мыйзамсыз сатууда турган дары-дармектердин 51 түрүн таап чыктык. Ушундай иш чаралардын негизинде, эгер 2005-жылы мыйзамсыз дары-дармек сатуучулардын саны 300дөн ашса, 2006-жылы бул сан 200гө түшкөн. Албетте, мындай көрсөткүч бизди канааттандырбайт. Бул проблема көп жылдардан бери бир топ өөрчүп өскөн, ошондуктан муну кыска мөөнөттө чечүү мүмкүн эмес, дагы бир нече убакытты талап кылат.

Өкмөттүн бул иш чаралары менен макул болбогон сатуучулардын пикирлери мындай:

-Мен өкмөткө мындай деп кайрылгым келет. Ушул жерде он беш жылдан бери отурабыз. Өкмөт өз элин керектүү нерселер менен камсыз кыла албагандан кийин, бизди бул жерден куугандан көрө жок дегенде бирөөсү келип бизден кабар кичине да болсо шарт түзүп берсе жакшы болмок. Өзүлөр деле дарылар каяктан келип жатканын абдан жакшы билишет, бизден жакшы билишет.

- Анда ушунча элге жумуш таап беришсин. Биз анан мындай жумушка барбайбыз.

Кыргызстанда дары-дармек каражаттары тууралуу мыйзамда, дары-дармектерди жана медициналык техниканы аптекалардан тышкары жерлерде сатууга тыюу салынган. Ага карабастан сатуучулар “турмуш ушундай, аргасыздан отурабыз” дешет. Бирок сатуучуларда дарылардын сапатын далилдеп турчу сертификат жок.

- Сертификатыңар кана деп келсе бизде эчтекебиз жок. Биздики фирмадан келет, жооп беребиз, жада калса биз ооруп калсак ушул дарыларды ичип дарыланабыз. Бул жерде биз өзүбүздүн ишканалардан алып калганбыз.-

Көчөдө сатылып жаткан дарылардын сапаты тууралуу дары-дармек жана медициналык техника менен камсыз кылуу департаментинин жетекчиси Рустам Курмановдун ою мындай:

-Мейли сапатуу болсун дейли. Бирок, сатып отурган жайы талапка жооп бербей жаттпайбы. Жайдыр-кыштыр ачык асманда турушат. Ал жерлерде рейд көргөзгөндөй дарылардын түрлөрү турат. Айрым дары-дармектердин сакталуу эрежеси андай шарт менен төп келбейт. Дары бузулат, ооруган адамды ого бетер оорутат. Андан тышкары бул адамдын ден соолугуна байланыштуу болгондон кийин жоопкерчилик деген болот. Көп учурда алар башка аттарды айтып жашырынышат, кимдин ким экенин далилдөөгө кыйын. Себеби алар паспорт жана башка документтерин базарга алышпайт. Анан бир кокустук болуп кетсе жоопко ким тартылат?

Ар кандай кооптондуруучу билдирүүлөргө карабастан, колдон дары-дармек сатып алгандар көп. Мунун себеби, бул дарылардын баасы аптеканыкына салыштырмалуу кыйла арзан. Сатып алуучулардын арасында пенсионерлер да аз эмес. Фармацефтика башкача айтканда дары-дармек чыгаруу адамдын дең-соолугуна байланыштуу болгондуктан, учурда эң бир кирешелүү тармактардын бири. Ошондуктан, контрабандалык дары-дармектер менен болгон күрөш дагы бир топко созулчудай.

XS
SM
MD
LG