Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:45

ЕККУ: ЖАКШЫ ЭЛЕ ЧЫМЫРКАНДЫК, БИРОК АРАБА ЖЫЛГАН ЖОК...


Баян Жумакадыр кызы, Прага Өткөн жылы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) төрагасы болгон Бельгия уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагындагы жаңжалдарды жөнгө салуу үчүн бир топ аракеттерди жасаганын билдирди. Бельгиянын тышкы иштер министри Карел де Гухт менен өз кабарчыбыз маектешкен эле.

Карел де Гухттун айтымында, Бельгия төрага катары уюмдун ичиндеги кризисти жөнгө салууга жана анын биримдигин сактап калууга аракет жасап, бул иштин өтөлүнө чыга алды. Бельгиялык министр уюмга төрагалык кылуу милдетин өткөрүп алган Испаниянын иши ийгиликтүү болооруна ишенимин билдирди.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмуна 2009-жылы төрагалык кылууга Казакстан талаптанып жатканы белгилүү. Уюмга Казакстан төрагалык кылса, эмне болот, деген суроого де Гухт буларды айтты:

"Өткөн декабрда Брюсселде биз бул жөнүндө чечим кабыл алганбыз жана мен аны акылман чечим деп эсептейм. Анда, биз Казакстан уюмга төрагалык кылуусу мүмкүн, бирок ал үчүн ал ар бир мүчө өлкө үчүн милдеттүү болгон критерийлерди аткаруусу керек деп айтканбыз. Мисалы, демократияны кепилдөө, ЕККУнун хартиясындагы принциптерди аткаруу жана башкалар. Биз ошондой эле келерки айлардын ичинде Казакстан демократиялык реформалардын программасын талкууга коюшу керек дегенбиз. Анын бул программаны кандайча ишке ашырганына баа берилген соң гана биз Мадридде өтө турган министрлер жыйынында Казакстандын 2009-жылы төрагалыгы жөнүндө чечим чыгарабыз".

КМШ өлкөлөрүнүн аймагындагы жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча бир топ иштерди жасадык, деп айттыңыз, бирок ал жаңжалдар алигиче чечиле элек, буга эмне дейсиз?- деген суроого де Гухт бул ЕККУнун катасы эмес деп жооп кайтарды.

"ЕККУнун функциясынын маңызы - бул араздашкан тараптардын ортосунда бейтарап, адилет ортомчулук кылып, алардын орток пикирге келүүсүнө жардамдашуу. Түштүк Осетияда референдум өткөрүлдү, бирок биз жана эл аралык коомчулук анын жыйынтыгын да, референдумдун өзүн да тааныган жокпуз. Экинчи жактан, Түштүк Осетияны реабилитациялоо, калыбына келтирүү боюнча донорлордун конференциясын өткөргөнү жатабыз. Түштүк Осетияны реабилитациялай алабыз, деп ойлойм, анда жагдай түп-тамырынан өзгөрөт,- деп айтты Де Гухт.

Ошону менен бирге эле де Гухт Днестр боюндагы жана Тоолуу Карабак жаңжалдарына токтолуп, бул убактылуу токтоп калган жаңжалдарды толугу менен жөнгө салуу азырынча ЕККУнун колунан келбей атканын, анткени муну Россия каалабай турганын айтты. Россияга таасир этүү каражаты ЕККунун колунда жок деди ал.

Де Гухт ошондой эле Чеченстандагы жаңжалга токтолуп, Чеченстанда ортомчулук кылууга уюм бир топ эле аракет кылганын, бирок Россия буга жол бербей койгонун баяндады.

XS
SM
MD
LG