Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

20:32 Сауд Арабиясында кыргызстандык зыяратчылар жол кырсыгына учурады


Сауд Арабияда зыяратчылыктан кайтып келаткан 22 адам жол кырсыгына учурап кайтыш болду. Алардын арасында кыргызстандык жарандар да бар экени айтылууда. Бул жөнүндө Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Министрликтин басма сөз катчысы Нуржигит Кадырбековдун айтымында, кырсык коюу тумандын айынан болгон. Тышкы иштер министри А. Жекшенкуловдун тапшырмасы боюнча, Араб эмираттарындагы кыргыз консулу А. Тохтоходжаев кырсык болгон жерге жөнөп кетти. Азыркы учурда кырсыктан көз жумгандардын жана жаракат алгандардын ысымы, чоо жайы такталууда.

XS
SM
MD
LG