Азыркыдай Рыспайдын ырдаганын уккан сайын шыңга бойлуу, арыкчырай, жайнаган көздүү, сылык сөздүү, жайдары, бир эсе муңайыңкы, кезегинде ысыккөлдөй мемиреген, кезинде күкүктөнө кирген Акбуурадай күрпүлдөгөн татаал мүнөздүү, алынып-жулунбаган, дүйнө, тыйын үчүн битиребеген, төгүлүп-чачылып жүргөн колу март, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган өткөрө кичи пейил, чикертеп турса да эч кимге сыр алдырбай, кабагым-кашым дебеген, өзгөчө боорукер, өткөрө кең пейилдүү өзүм дегенге өлүп берүүдөн кайра тартпаган, артыкча адамгерчиликтүү, ишенчээк, бала кыялдуу, буюга калганда бугун ый менен чыгарган жанда жок жашык, бир эле мезгилде тамашакөй, сөзгө чебер, бүтүндөй жан дүйнөсү обонго оролгон келишимдүү келбетин элестетем, эстейм.
Анан Рыспайдын эр ортону элүүгө чыкканда жердештеринин алдында: “Чоң максатка жетиш үчүн адамга эки канат керек. Биринчи-махабат, экинчиси достор. Анткени, махабат менин темам, лаззатым. Досторум күч кубатым. Ушул эки нерсе мени алга сүрөйт, шыктандырат, музыка жаздырат, ырдатат, кубандырат, ыйлатат. Ооба, мен кубаныч издейм. Ага жолугуш үчүн ыйлайм. Ыйлап жүрүп ыр жаратып ырдай берем. Сөзүмдүн акырында кыргыз элинин булбулдары менен пир туткан адамдарым Атай менен Мусанын артынан менин да чыгармаларым элбиреп-делбиреп ээрчип, урпактарга калса экен деп кудайдан тилейм”, -деп толкунданып жарык дүйнөдөгү эң бир ыйык, эң бир тунук, дайыма жаш махабат ырларын көл-шал түшө аткарган учурун, булбул таңшык үнүн сагынам.
Качан, кайсы гана убакта жаңы аваздык боёк, ыргактарга шөкөттөлгөн муңайыңкы шаңкылдаган мөл булактай туптунук үнүн укпайын “күндүк өмүрүң болгуча, түштүгүңө жорго мин” жегендей, көз ирмемчелик болсо да жан дүйнөмдү асылдуулуктун сулуулугуна бөлөйм, ырахатка батам. Бир кылымда бир келген тубаса обончу, ырчынын кайталангыс шыгына кол куушура таазим этем.
Анын “Алмашым”, “Издейм сени”, “Келчи, келчи кымбатым”, “Сагынуу”, “Ак куулар сени сагынаар” ж.б. кусалыктын буусун муңкана бүрккөн мукамдуу ондогон терең ойлуу, ырдамдуу обондорду чыгарган талантына сыймыктанам. Анан болуп турган 53 курагындагы бере турган чыгармаларды бер албай кеткенине өксүйм. Таш боор ажалга наалат айтам.
Белгилүү төкмө акын Тууганбай Абдиев Рыспай Абдыкадров менен ага инидей болуп көпкө ынтымактуу кызматташып бирге жүргөнүн эскерет.
- Бир күнү радиодон “Алмашым” аттуу ыр берилип калды. Эмнегедир үнү окшошпойт. Көп узабай Рыспайга жолугуп калдым. -Ой Рыспай бая күнү радиодон “Алмашым” аттуу ырды уктум. Обону, сөзү Абдыкадыровдуку дейт. Үнүң окшошпойт. Сенсиңби десем. Ооба, менмин деди. Кучакташып куттуктадым. Кийин Ош педагогикалык институтунда окуп калды. 1960-65-жылдары Рыспай биринен сала мукамдуу обондорду чыгара баштады. Кийин филармонияда иштеди. Экөөбүз ага инидей болуп көпкө бирге жүрдүк. Жакшы ыр чыгарса ал турсун татынакай сулуу кыздарды эстесе да ыйлап ийчү. 1969-жылы Рыспай экөөбүз Ташкенттин мейманканасында бирге жатып калдык. Декадага барганбыз. Башынан өткөргөндүн баарын төкпөй, чачпай айтып берген эле. Ал турсун Давлетке кандайча үлөнгөнүнө чейин айткан эле. Ошентип бүтүндөй сырын жашырбай айтчу. Атай өзүнчө, Муса өзүнчө, Жумамүдүн өзүнчө обончулардан болсо, Рыспай да өзүнчө из калтырып кетти. Рыспайды өтө таланттуу залкар обончу ырчы десек жаңылышпайбыз. Себеби, ырлары өлбөйт, өчпөйт. Рыспай өзү да ыр жазчу. Азыркы акын сөрөйлөр чампалап кара сөздү белинен үч бүктөп алып ыр жазып атпайбы. Түгөлбай, Рыспайлар жакшынакай ырлады жазышчу.Экөө өздөрүнө ишенбей таланттуу акындардын терең мазмундуу ырларына обон чыгарышчу,- деп эскерет Тууганбай Абдиев.
Ал эми эл сүйгөн ырчылардын бири Малик Аликеев Рыспай Абдыкадыров менен бир далай чогууболуп таалимин алып калган.
-Алгачкы жолу Рыспай Абдыкадров менен телевизор аркылуу тааныштым,- деп эскерет Малик Аликеев.- Кийин ойлосом аккардеондун коштоосунда ырдап, биринчи из, жол салган Рыспай ага экен. Муну байкап калганым 1986-жылы Ошто “Алатоо жазы” деген чоң концерт өттү. Концертке маркум Эстебес байке баштаган, Тууганбай, Ашыраалы ж .б.атактуу байкелер баштаган залкар шайырлар катышып калдык. Концерт башталаардын алдында сахнага көз айнек тагынган, арыкчырай жигит чыга келди да: -Концертке Эстебес, Тууганбай келген турбайбы,- деп жамактап эле төгө баштады. Мага анын эмне үчүн аксакалдардын аттарын шатырата айтып ырдаганы, айткандары анча жаккан жок. Бул ким болду десем Рыспай аке экен. Мен сахнага чыгайын деп жатсам "ой балам, сен кимсиң?" деп сурап калды.
Мен ошондо жаңыдан Барпынын “Мөлмөлүм” аттуу ырын жаңыдан ырдап жүргөм. "Ой, бала бери бас"-деп Рыспай аке чакырып алды да: "Мени тааныйсыңбы?" деди. "Мен тааныбайт экенмин" десем. "Мен Рыспай Абдыкадыров деген болом",- деди. Ошондо мен өңүнөн биринчи жолу көрдүм. –"Жүрү мен сага ырды үйрөтөм деп", ээн жакка ээрчитип барып, “Манас менен Каныкейдин үйлөнгөн жерин” айтып берди. Ошентип биринчи жолу Рыспай аке менен тааныштым.
Кезектеги концерт менен Токтогул районунда гастролдо жүрсөк, Рыспай аке чакырып атат деп калды. Көрсө, туулган күнүнүн 50-жылдык мааракесин Бишкектен өткөрүп Ошко кетип баратыптыр. Балам мен сага атайын келдим. Сени менен Токтогулдун көлүн көргүм келип атат деди. Экөөбүз барып көлдү да көрдүк. Ал 50-жылдыгына белекке достору берген ак жорго-жигули менен жүрүптүр. Узаттык, куттуктадык, коштоштук. Кетишти.
Рыспай аке Ошко барганда кабат үйүнүн алдына жигулисин токтотуп коюптур. Анан аны достору башка жакка айдап барып токтотуп коюшуптур. Рыспай аке жолдош-жоролору менен майрамдашат. Ичкилик ичишет. Рыспай аке уктап калат. Давлет жеңебиз терезенин айнегинен караса машина жок. Келинчеги машина, машина жок деп төшөгүн сыйрыса, Рыспай аке аккардеон, аккардеон каякта дептир. Азыр ойлосом дүнүйө, байлыктын кереги жок экен. Эң негизгиси чыгармачылыктын чоң жолунда жүргөн улуу инсан экен. Көп жолу командировкада жүрдүк. Ар дайым кызы Сюита жөнүндө көп айтар эле. Мен ойлосом обончулугу, ырчылыгы менен кылымдар бою жашай бермекчи,- дейт Малик Аликеев.