Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:51

КОШМО ШТАТТАРЫ ИРАНГА КОЛ САЛБАЙТ


АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс Ирактагы ирандык жарандарды камакка алуу операциясына президент Жорж Буш өзү көрсөтмө бергендигин бышыктады.

Ирандын тышкы иштер министри бүгүн Иракта америкалык аскерлер камакка алган ирандык беш расмий өкүлдү бошотууга чакырды. Манучехр Моттаки Ирактын өкмөтүнөн америкалыктардын "өзүн өзү билген" иш-аракеттерин токтоону да талап кылды.

Ирактын тышкы иштер министри Хошяр Зебари менен телефондон сүйлөшкөндө Моттаки "Американын Ирактагы мыйзамсыз жана өзүм билемдик аракеттерин токтотуш керек" деди. Ирандын алты жараны 11-январда Ирактын түндүгүндөгү Абрил шаарындагы кеңседен камакка алынган эле. Бирөө кийин кое берилди.

Анын аралыгында, АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс ирандык жарандарды камакка алуу операциясына президент Жорж Буш өзү көрсөтмө бергендигин бышыктады. Нью-Йорк Таймcтын жазышынча, Жорж Буш Иракта аракеттенген ирандык тыңчыларга каршы масштабдуу чабуул жасоого буйрук берген.

Райстын айтымында, мындай кадамга Иранда жасалган бомбалардын Ирактагы америкалык аскерлерге каршы колдонулуп жатышы түрткү болду. Бирок, Вашингтон Ирандын өзүнө же анын союздашы Сирияга кол салганы жатат деген божомолдорду Ак Үйдүн маалымат катчысы Тони Сноу четке какты:

Мен мындай ушак-айыңдын туура эмес экендигин эскертем. Бул кеп президент Буштун шаршембиде Иран менен Сирия боюнча сүйлөгөн сөзүнөн улам келип чыкты. Чындыгында бул эки өлкөгө каршы согушка даярдык көрүлгөн жок.

Ушул тапта Кондолиза Райс Жакынкы Чыгышка аттанып жатат. Ал Израилде жана Палестин аймактарында болуп, кийин Египетке, Иорданга, Саударавияга жана Кувейтке барат.

XS
SM
MD
LG