Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

ИРАН ИРАКТА КАРМАЛГАН БЕШ АТУУЛУН КОЕ БЕРҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛУУДА


Тегерандагы пресс конференцияда Иран армиясынын маалымат катчысы Мохаммад Али Хосеини америкалык аскерлер кармап кеткен беш дипломат коңшу өлкөдө"консулдук иштер менен жүргөн болчу" деп ырастады.

"Америкалыктар беш ирандыкты дароо бошотуп, Ибрилдеги биздин кеңсеге келтирилген зыянды төлөп берүүгө тийиш,"-деди Мохаммад Али Хосеини.

Хосейинин сөзү боюнча, дипломаттар мыйзамдын чегинде аракеттенишкен. АКШнын армиясы алар Ирандын Революциячыл гвардиясынын тыңчылары экендигин айтууда. АКШнын маалыматы боюнча, кармалгандардын жанында дипломатиялык паспорттору болгон эмес.

Ирандын Революциясын гвардиясы жергиликтүү тилде Пасдаран деп аталат жана анын өзүнүн жөө, аба жана дениз аскерлери бар. Ал түздөн—түз Ирандын жол башчысы Аятолла Али Хаменейиге баш ийет.
Ирандыктар АКШ президенти Жорж Буш Ирактын ички ишине Ирандын кийлигишүүсү токтотулат деген эскертүүсүнөн кийин кармалган эле.

АКШнын Мамктчысы Кондолиза Райс жакында "Нью-Йорк Таймс" гезитине Ирактагы ирандыктарга каршы АКШнын чабуулдары президент Буштун буйругу менен ишке ашырылганын бышыктаган.

XS
SM
MD
LG