Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:15

АКШ ӨКМӨТҮ ИЗРАИЛ-ПАЛЕСТИН ЧАТАГЫН КАНТИП ЖӨНДӨЙТ?


Ырасмий Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жараянын тездетүүнүн жолун табууну өзүнүн парзы деп санайт. Мындай билдирүүнү АКШнын Мамкатчысы Кондолиза Райс айым 11-январда Рамалла шаарында Палестин лидери президенти Махмуд Аббас менен болгон кездешүүдө жасады. Бирок, палестиндердин ХАМАС кыймылы АКШнын ниетине көп ишене бербейт. Жакынкы Чыгышта бир жумалык сапарда жүргөн Райс айым бүгүн Израилдин өкмөт башчысы Эхуд Олмерт менен кездешет.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс жекшемби күнү Палестина автономиясынын лидери Махмуд Аббас менен болгон кездешүүдөн кийин, Вашингтон Жакынкы Чыгыштагы чатакты жөндөөгө баштагыдай эле өтө ынтызар экенин баса белгиледи. Райс айымдын сөзүнчө, палестиндер менен израилдиктер ортосундагы калаба Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуунун “Жол картасы” деп аталган пландын негизинде жөндөлүшү шарт.

Бирок, Махмуд Аббас Палестин мамлекетин убактылуу чек ара алкагында түзүү жөнүндө эч кандай сөз болбош керек экенин эскертти.

Араб мамлекеттери ырасмий Вашингтондун палестиналык-израилдик чатакты жөндөөгө жигердүү катышып, чоң роль ойношун каалайт. Алсак, Иордан падышасы Абдулла да кечээ Райс айым менен Амманда болгон жолугушууда Вашингтонду Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотууга чоң күч менен аракетинүүгө чакырды. Анткен менен, АКШ калыс болбой, кайсы бир тараптын таламын жактайт дегендер да бар.
Фавзи Бархум палестиндердин радикалдуу ХАМАС кыймылынын өкүлү. Анын айтышынча, Райс айым палестин элин бөлбөстөн, анын биримдиги үчүн салым кошуусу абзел:

-Бүгүнгө чейин Райс айым палестин элинин бир канатын экинчи канатына каршы колдоо үчүн гана келген.

Фавзи Бархум америкалыктардын мындай саясаты палестиндерди ого бетер араздаштырып, жаатташтырды деп эсептейт:

-Биз мындай стратегиядан баш тартканбыз жана дайыма бул жерде палестин элинин борбору Иерусалим болгон чек аралуу мамлекетин курууну тилеп келгенбиз. Райс айым палестин элинин мындай максатын колдошу жана палестин элин бөлүп-жаруу үчүн эч нерсе жасабашы керек.

ХАМАС азыр Палестин парламентинде көпчүлүк орунга ээ жана кыймылдын төрагасы Ысмайыл Хания автономиянын премьер-министри.

Учурда ХАМАС менен президент Махмуд Аббас башындагы ФАТХ партиясы ортосунда бийлик үчүн айоосуз күрөш жүрүүдө.

АКШ өкмөтү Израил мамлекетин таанууга макул Аббасты колдойт. Вашингтон террорчу уюм деп эсептеген ХАМАС, тескерисинче, Жакынкы Чыгышта Израил мамлекетинин болуусуна каршы.

XS
SM
MD
LG