Cоңку эсептөөлөр боюнча, Баткен облусунда жер титирөөдөн мектептер эң көп зыян тарткан.
-Мектептер жараксыз болуп калган. Жалпы чыгым 86 миллион сом акча болуп жатат. 17-январда өкмөттө чоң отурум болот. Ошондо дагы карап чыгабыз,- деди өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустамбеков.
Билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу облус боюнча беш мектептин абалы оор жана анын үчөөсү таптакыр окууга жарабай калганын айтып, атайын түзүлгөн мамлекеттик комиссия 17-январда боло турган кеңешмеде жыйынтыгын чыгараарын маалым кылды.
-Оор абалда калган беш мектеп бар экен. Беш мектептин экөөсү стандарттык мектеп. Аны дагы толугураак изилдейбиз. Эгерде атайын дайындалган комиссия кайра куруш керек десе, анда кайра курулат. Болбосо капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Таптакыр окууга болбой калган мектептин саны үчөө. Ал үч мектептин проблемасын чечтик. Кээ бирөөсүн айыл өкмөтүнүн имаратына орноштурдук. Бир дагы бала талаада калбайт. Каникулду узартпайбыз. Окуу өз программасы менен өтөт,- деди билим берүү министринин милдетин аткаруучу Досбол Нур уулу.
Ал эми саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Шайлообек Ниязов 17-январдан баштап Баткенге курамына психолог, психо-терапевт дарегерлер кирген профессорлордун тобу он күн зилзала болгон учурда катуу корккон атуулдарды текшерүүдөн өткөрүшөт дейт.
-Биз Бишкектен 250 миң сомго жакын дары-дармек алып келгенбиз. Азыр райондук бейтапканалардын кызматкерлери жер-жерлерде иштеп жардам көргөзүп жатышат. Ал эми 17-январь күнү профессорлор, медицина илимдеринин докторлору баш болгон дарыгерлер Баткенге келип, он күндөй иш жүргүзүшөт,- деди саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Шайлообек Ниязов.