Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:26

16- ЯНВАРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Жазалоочу отрядды жетектеген генерал М. Д. Скобелев 1876-жылдын 16-январында Асаке кыштагын басып алган. 1957-жылдын бул күнү Кыргыз ССРине айыл чарбадагы жетишкендиктери үчүн Ленин ордени тапшырылган.

Кокон хандыгында башталган көтөрүлүштү басыш үчүн падышалык бийлик жазалоочу отряд курап, ал 1876-жылдын январь айында Экисуу арасында орун алган кыргыздар менен кыпчак козголоңчуларын талкалоо максатын көздөгөн. Падышалык аскерлер козголоңчулардын колунда турган Анжыян шаарын экинчи ирет басып алуу камылгасын көрүп, аскер операциясын даярдаган. Анжыян улугу Ишмат шаарды таштап, кыргыздар менен чогуу Асаке кыштагына чегинген. Козголоңчулардын артынан түшкөн генерал М. Д. Скобелевдин жазалоочу отряды 16-январда Асакеге жетип, кыштакка артиллериялык чабуул кою ыкмасын колдонуп, аны басып алган.

Түркстан крайынын Элдик комиссарлар кеңеши 1918-жылдын 16-январында Кызыл Аскерлердин ыктыярдуу отрядын куроого киришти. Кызыл аскерлер отрядын уюштуруу чечими, РСФСР Элдик комиссарлар кеңешинде кабыл алынган Лениндик декретке ылайык жүргүзүлгөн.

РКП (б) Борбордук комитети 1922-жылдын 16-январында «Түркстан коммунисттерине» кайрылуу кат жолдоду.

Кыргызстанга иш сапары менен келген КПСС Борбордук Комитетинин биринчи секретары Н. С. Хрущев 1957-жылдын 16-январында «Спартак» стадионунда эмгекчилер менен жолугушуу өткөрдү. Кышкы суука кайыккан калк башкы коммунисттин майрамдык салтанаттан улам тили күрмөөгө келбеген баяндамасына күбө болушту. Республика жетекчилиги Биринчи катчынын колунан Ленин орденин алган. Орден Кыргыз ССРине айыл чарбадагы жетишкендиктери үчүн тапшырылган.

Кыргызстандык 11 саясий партия, 6 бей өкмөт уюм 2003-жылдын 16-январында Конституциялык түзөтүү жана толуктоолор үчүн өткөрүлчү референдумга караманча каршы пикирлерин билдиришти. Билдирүүдө жаңы редакцияда каралган нормалар мамлекет башчысынын бийлигин эбегейсиз чекке жеткирип, парламентти күңкор абалга келтире тургандыгы белгиленет.

Бул күнү, 1616-жылы француз саясий ишмери, жазуучу Франсуа Сен-Симон, 1853-жылы француз ишкери, Андре Мишелен, 1934-жылы таанымал актер Василий Лановой, 1936-жылы айтылуу драматург, кинодраматург, жазуучу Бексултан Жакиев жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG