8-январдагы жер титирөөдөн Ноокен районундагы Рахманжан атындагы орто мектептин көмөкчү имараты керектен толук чыкты. Көмөкчү мектеп мурда архитектуралык талаптарга жооп бербей курулган. Ал жерде билим алган башталгыч класстардын 360 окуучусу окуусун башка мектепте улантууда. Райондогу Давлетов атындагы орто мектептин дубалдары 2-3 жерден жарака кеткен. Эки мектепке келтирилген материалдык зыяндын өлчөмү учурда такталып жатат. Мындай маалымат 16-январда облустук билим берүү башкармасынан алынды. Бирок, мындай маалыматты Чукул кырдаалдар министрлигинин облустук бөлүмү ырастаган жок. (YA)