Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:48

ЕВРОСОЮЗ БОРБОРАЗИЯ МЕНЕН ЧЫНДАП ЖАКЫНДАШКЫСЫ КЕЛЕТ


Борборазияда адам укуктарынын абалы начар экенине карабастан Евросоюз регион менен жакын байланыш түзүүнү чечти. Бул тууралуу Ройтер маалымат агенттигине Еврокомиссиянын тышкы байланыштар боюнча комиссары Бенита Ферреро- Валднер билдирди. Эгер Борборазияга европалыктар астейдил назар бурбаса, анда регион Россиянын жана Кытайдын таасиринде калат, деп эскертти комиссар.

Борборазияга чындап назар бурууну ушул тушта шаркетке төрагалык кылып жаткан Германия сунуш кылды. Берлиндин демилгесин Еврокомиссия кабыл алды, деп айтты Бенита Ферреро-Валднер Ройтердин кабарчысына. Азыр Берлин жана союздун башка мүчөлөрү менен бирге Борборазияга байланыштуу Евросоюздун жалпы стратегиясын аныктоо иши жүрүп жатат.

Евросоюздун мындай стратегиясы жеке мүдөөдөн улам гана келип чыккан зарылдык эмес. “Менимче,бу энергетикалык ресурстар менен камсыз болуунун гана маселеси эмес, - деп айтты Ферроро-Валднер. –

Эгер биз алар менен чындап жуук мамиле түзө албасак, бул өлкөлөр Батыштан бет буруп, Россия менен Кытайга ооп кетишет. Бизге болсо региондогулардын Европага да медилин салып турганы абдан маанилүү”.

Орус газына жана мунайына байланыштуу Москванын былтыр Украина,быйыл Белоруссия менен тутанган чатагынан улам европалыктар табигый отундун башка булактарын караштырганга аргасыз болушууда. Укук коргоочу активисттер Евросоюз өзүнүн ушул керектөөсүнө Борборазиядагы адам укуктары менен демократиялык реформаларды курмандыкка чалып салышы ыктымал деп чочулашат.

“Укук коргоочу айрым топтордун бул камтамачылыгын толук түшүнөм”,- деп айтты еврокомиссар. 2000-жылы ОБСЕде төрагалык кылып турганда региондо адам укуктары чөйрөсүндө кандай чалкеш маселелер бар экенин өз көзү менен көргөнүн эске салып, Ферреро-Валднер ушул жүйөөдөн улам эле регионду башкалардын таасирине таштап койгонго да болбостугун белгиледи. Жакын карым-катнаш түзүлсө,еврокомиссардын айтымында, мунун аркасында эркиндик чөйрөсүндөгү абалды жакшыртууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Лондондук аналитик Мэтю Клементс жакындагы бир интервьюсунда Борборазия барган сайын Батыштагы өлкөлөрдүн назарына илинбей баратканын белгилеген эле. Батыштын бул региондогу күч-аракеттерин ал үзүл-кесил мүнөздө деп эсептейт. Ирактагы козголоң создугуп, анын айынан АКШ Борборазияга дээрлик кызыкпай калды. Евросоюздун да бирдиктүү саясаты болгон эмес. Бу жагынан кандай сунуштар болот, анда кайсы чөйрөлөр камтылат, муну байкап-багып көрүү өтө кызык болор эле, деген болчу британдык эксперт.

XS
SM
MD
LG