Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

ОРУСИЯДА ТЕРРОРДУК АКТЫЛАРГА КАРШЫ КҮЧӨТҮЛГӨН ДАЯРДЫК ЖАРЫЯЛАНДЫ


Орусияда террордук актылар болот деп күтүлгөндүктөн транспорттук тармактын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлө башталды. Метрону кайтаруу боюнча милициянын күзөттөрү күчөтүлүп, жардыргыч заттарды табууга үйрөтүлгөн иттердин эсеби көбөйтүлгөн.

Ички иштер министрлиги калкты кыраакылыкка жана сактыкка чакырууда. Орусиянын коргоо министри Сергей Иванов, өтө маанилүү аскердик жана мамлекеттик объекттерди кайтаруу күчөтүлгөндүгүн жарыялады. Кечээ кечинде ФСБнын жетекчиси Николай Патрушев «өнөктөш чет өлкөлүк» атайын кызматтардан алынган маалымат боюнча Орусияда террордук актылар жасалуу коркунучу бар деп жарыялаган эле. Орусияда террордук акты болот экен деген маалыматты өлкөнүн (НАК) улуттук террорго каршы күрөшүү комитети 16-январь күнү кечинде таркатты.

Биринчи кезекте транспорт тармактары анын ичинен Маскөөнүн метросу күчөтүлгөн күзөткө алынууда. Темир жол жана энергия өндүрчү тармактар кайтарууга алына баштады. Улуттук комитети чет өлкөлүк жашырын кызматтардан алган маалыматтарда ушул тармактарда террордук акты болорун билдирген дешет.

Мурдагы «Альфа» тобунун башчысы Сергей Гончаровдун айтымында Орусиянын атайын кызматындагылар мындай кырдаалды дайыма башынан өткөрүшүүдө. Бирок бул жолку чет элдик кесиптештеринен келген маалымат аларды мурдагысынан да сагыраак болуга чакырат:

«Биздин атайын кызматтагыларда чындыгнда тероордук актылар жасалары туурасында маалымат бар».

Коргоо министри Сергей Иванов болсо кечээ мамлекеттик сыналгыдан аскердик жана мамлектик маанилүү жерлерди кайтарууга кошумча чаралар көрүлгөндүгүн жарыялады.

Ал эми Маскөө метросунун маалымдоо кызматынын жетекчисинин орун басары Елена Крылова айтканга караганда, 16-январдан тартып метродо коопсуздукту чыңдоо күчөтүлгөн тартипте жүрө баштаган:

«Террорчулукка каршы күрөшүү мүнөздөгү иш чара Маскөөлүк ички иштер башкармасы менен бирдикте алдын ала иштелип чыккан пландын негизинде жүргүзүлүүдө»

Жер үстүндөгү жана жер астындагы тарнспорттук түйүндөрдү кайтаруудан сырткары суу үстүндө кемелерди, вокзалдарды, аэропортторду, көпүрөөлөргө дейре күзөткө алуу башталганы айтылууда.

Кайсы бир серепчилер бул жолку өлкөнүн учу кыйырына дейре жеткире жүргүзүлүп аткан террорчулукка каршы күрөштү, 1999-жылкы Рязандагы кумшекер операциясы менен салыштырышат. Ал жолу көп кабат үйдүн астына атайын кызматтагылар гексогенге окшогон кумшекерди коюп, ага жардыргыч тетик-муляж койгону билинип калып, коомчулукта чыр чыккан. Ал жолу ФСБнын жетекчилиги Рязан калаасында алар элди сактыкка жана кыраакылыкка көндүрүш үчүн машыгуу өткөрүп атканын айтышкан. Азыр деле элдин тамырын тартып көрүү болуп атканы айтылууда.

XS
SM
MD
LG