Дан Халуцтун отставкасына чейин Израил өзү баштап, бирок утулуп калган Хезболла менен согуш үчүн Израилдин жетекчилигинде эч ким жооп бере элек болчу.
Израил уурдалган эки аскери үчүн Ливандын Хезболла көзөмөлдөгөн аймактарына кол салганы менен, же ал аскерлерди бошото алган жок, же Хезболланы жеңе алган эмес. Бирок анын натыйжасында дүйнөдөгү эң күчтүү армиялардн бири деп эсептелинген Израилдин куралдуу күчтөрүнө туруштук берген Хезболланын Ливанда кадыры кескин өсүп, хезболлачылар Израилге ракеталарды жаадырып, бир топ зыян келтирди.
Израил парламенти - Кнесеттин мүчөсү, ончул Ликуд партиясынан шайланган Ройвен Ривлин көптөгөн Израил жарандарынын көз карашын эки ооз сөз менен мындайча жыйынтыктады:
– Штаб башчысы өзүнө алган милдетин аткарып, штаб-башчысы катары жасай турган ишин жасады.
Согуштун жүрүшүн иликтеген армиянын ички комиссиясы Израилдин аскер жетекчилигин уюштуруудагы кемчиликтери үчүн сынга алган, бирок Халуцтун отставкасын талап кылган эмес. Өткмөттүн өкүлү билдиргендей, премьер-министр Эхуд Олмерт Халуцтун отставкасын "айла жоктон кабыл" алды.
Азыр эми ансыз да финансылык жаңжалдын торуна кабылган Олмерт туш келген кризис дагы тереңдеп, өлкөнүн кайнаса каны кошулбас кас-душманы Иран менен тиреш күчөп турган чакта Израил күч кубаттан кетип баратат деген регионалдык көз караш дагы бекемделеби? деген суроо жаралууда. Ушуга байланыштуу лондондук аналитик Йосси Мекелберг Азаттыкка буларды билдирди:
– Бул чоң саясий маселе, анткени Израилде аскер башчысы борбордук ролду ойнойт. Халуц Израилдин аскердик жана саясий чабалдыгы үчүн жооп берип жатат. Бул туурабы жокпу, бөлөк маселе, бирок анын жыйынтыгында "Израил чабалдап калган өлкө" деген түшүнүктү бекемдеди.
Халуц отставкага кетип жаткандыгы жарыялангандан бир нече саат мурда Израилдин баш прокурору Эхуд Олмерттин 2005-жылы финансы министри болуп турганда өлкөдөгү экинчи эң чоң банкты жеке мениктештирүүдө ойногон ролун иликтөөгө көрсөтмө берген. Өзүн мында күнөөм жок деп айткан Олмертти азыр прокурорлор өкмөт каржылаган ишкер кеңсеге өз жакындарын дайындаган деген кине боюнча суракка алганы жатат.