Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:24

10:25 Ф.Кулов: Жерүй боюнча Лондон соту жаңы инвестордун пайдасын коргогон чечим чыгарды


БИШКЕК. Депутат Темир Сариев "Жерүй качан алтын бере баштайт?" деген суроо берди. Ага Ф.Кулов Лондон соту жаңы инвестордун пайдасына чечим чыгарды, эми иш алдыга жылат деди. "Мурдагы өкмөт менен мурдагы инвестор "Оксус" түзгөн келишим азыркы өкмөттүн кызыкчылыгына туура келбейт, ошондуктан "Кыргызалтын" жаңы инвестор тапты, өкмөт коммерциялык уюм эмес, ал инвесторду издебеш керек, инвесторду "Кыргызалтын" издеш керек" деди. Темир Сариев анда "Эми бүгүн алтын жок, буга ким күнөөлүү? Президентпи же премьер-министрби" деген суроо берди. Ага Ф.Кулов "андай болсо мурдагы өкмөттүн тушунда деле алтын алынган эмес, ал кезде деле силер парламентте болчусуңар, комиссия түзсөңөр болот" деди. Т.Сариев андай комиссия иштеп жатканын билдирди.(КО)

XS
SM
MD
LG