Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

АЗИМБЕК БЕКНАЗАРОВ: ....ТАНДЕМ РЕВОЛЮЦИЯЛЫК ИДЕЯЛАРДЫ САТЫП КЕТКЕН

(18-январда Жогорку Кеңеш жыйынында сүйлөгөн сөзү)

Урматтуу коллегалар! Мен коллегаларымды чакырат элем, кайсы бир тармактарда реформалар жөнүндө сунуш-пикирлерди өкмөттүн структурасын бекитип атканда айтсак. Бүгүн структурага, өкмөткө айткандай болуп, таптакыр темадан чыгып кетип атабыз. Бүгүн маселе, мен ойлойм, премьер-министрге коюлган талапкер жөнүндө болуш керек. Мен сөзүмдү Феликс Шаршенбаевичтин өзүнүн сөзүнөн баштайын. Бул киши айтты, “мен 30-декабрда кабыл алган Конституцияны али жакшы окуп чыга элекмин” деп. Феликс Шаршенбаевич, сиз жакшылап окуп чыга элек болсоңуз, мен эскертип коёюн, азыркы күндө аткаруу бийлигинин башчысы премьер министр, 41-статьянын 1-пунктунда премьер-министрди, өкмөттүн мүчөлөрүн президент дайындайт. Дагы баса белгилейин, жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларын премьер- министр менен консультация кылып 5-пунктта президент дайындайт. Өкмөттүн структурасын түзүүгө премьер-министрге макулдук берет, пункт 2, өкмөттүн нормативдик актыларын токтотот. Өкмөт Кыргыз Республикaсынын президентинин жана Жогорку Кеңештин алдында жооптуу жана подконтролдуу деп койгон. Ушундай нормалар менен Кыргыз өкмөтү иштей алат деп кимиңер айта аласыңар. Мына системада болуп атпайбы кептин баары.

Аскар Акаевич ушундай системаны курган. Ошон үчүн биз 24-мартта бир үй-бүлөлүк башкаруу системасын бузалы деп, аткаруу бийлигинин өзүнүн полномочиесин өзүнө берели, президент аралашпасын, Жогорку Кеңеш өзүнүн ишин өзү кылсын, сот бийлиги өзүнүн ишин өзү кылсын деп 9-ноябрда Конституцияда бөлдүк эле. Бирок, бир жарым ай жетпей өзүбүз кайра бардыгын президентке бербедикпи. Бүгүнкү күндө эки баштуу аткаруу бийлиги болуп атпайбы. Мен ойлойм премьер-министрге айткан маселенин баарын андан көрө пррезидентке айтыш керек. Бүгүн бардык аткаруу бийлик башындагы негизги рычагдар президенттин колунда болуп атат. Урматтуу коллегалар, мына ошондуктан мен ойлойм, Феликс Шаршенбаевич, мен буларды жөн окуган жокмун. Мындан көп нерселер бар, мен основной эле жерлерин окудум. Эгерде сиз премьер-министр болуп кайра шайланган күндө дагы так ушул бир жарым жылда кандай иш аткара албай жүрсөңүз, ошондой эле аткара албайсыз. Сизде жок укук. Илгери Курманбек Салиевич өзү “мен акимди, акимдин орунбасарын дайындай албай атам” деп ыйлачу премьер-министр кезинде. Бүгүн, эртең деле сиз ошентип айтасыз. Мындайча айтканда, президентте бүгүн полномочие бар, жоопкерчилик жок. Жоопкерчилик премьер-министрде. Мына ошондуктан биз 15 жылдан бери 10 премьер-министрди алмаштырдык, пайда жок. Ошондуктан система алмаштырылган жок, сиз премьер-министр болсоңуз дагы, болбосоңуз дагы Дооронбек Садырбаевич айткандай кыргыздын кылы кыйшайбайт. Бир үй-бүлөлүк система башкарганы башкарган. Бул менин позициям.

Экинчи, сиз айттыңыз, мен тигиге каршы эмесмин, мен саясатка каршымын деп. Бир жарым жыл ичинде сиз саясатка каршы экениңизди айта алган жоксуз. Дооронбек Садырбаевич мени да күнөөлөп кетти: “сен бошотконсуң, сен коррупционерсиң, эки коррупционер отурат” деп. Ооба, чындык бар. Анткени, жыйырма төртүнөн кийин, Кулов-Бакиев тандеми түзүлгөндөн кийин мен башкы прокурор болуп иштегенде биздин негизги максат, элдин бизден күткөн тилеги ошол коррупцияга бөгөт коюп, эки миллиард долларды уурдагандардын жок дегенде атын атап, жоопко тартып, ошолор уурдап алган нерселеринин айрымдарын элге кайрып берсе деген үмүт болгон. Мен сизге 2-3 жолу айттым: өкмөт башчысы болуп турганыңызда бир кичинекей Канттагы цемент-шифер комбинатты Адиль Тойгонбаевдин компаниясынан ала албай койгондон кийин кайсы өкмөтсүз. Айттыңыз: “жети колго өтүп кетиптир, менчик экен” деп. Жок. Ал жерди окусаңыз, ал менчикке өткөн жок. Мына Турдумамбетов турат. Ал бир тыйын дагы төлөгөн жок, инвестицияны милдеттен алып келген жок. Костюм алсаң да акчасын төлөгөндө ал менчиктин ээси болот. Ушул убакка чейин 1998-жылдан бери бекер пайдаланып келатат. Ар бир жылда 250 миллиондон киреше алып атканын эсептесек, ошону кошо сиз иск берип туруп, ал менчикти - шифер комбинатты алып, андан башка 1998-жылдан берки алар көргөн кирешени кайтарып койсоңуз болот эле. Ушуга күчүңүз жеткен жок. Анан Докем экөөбүздү күнөөлөп атат. Кайсы коррупцияга биздин күчүбүз жетет. Жетпейт. Анүчүн сизге эркиндик болуш керек конституциялык деңгээлде. Эртең сиз келесизби, же башка бирөө келеби, бүгүн андай эркиндик болбойт.

ХИПИК маселеси боюнча мен сизди колдобойм. Мен каршымын. ХИПИК сиздин менчик эмес. “Мен өзүмдүн позициям, мен минтем, тигинтем” дегендей Кыргызстан сиздин менчик эмес. ХИПИК программасында негизинен алар үч эле нерсени талап кылат шартында – энергетика, кен жер байлыгы, таза суу байлыгы. Мындан башка биз келечек муундарыбызга эмнени калтырабыз. Калганынын барын 15 жыл ичинде тып-тыйпыл кылбадык беле. Эми ушул үч эле нерсе калды да. Мына Дүйнөлүк банктагы фонд ошону талап кылып атат. Ошондуктан сиз жана дагы бир жакшы нерсени айтып кеттиңиз, МВФ, президент, премьер-министр ким болот, мына ошого жараша сүйлөшөм деп атат деп. Биз андай кылбашыбыз керек. Биздин система, мамлекеттик башкаруу кандай болот өлкөдө мына ошого жараша иш кылам дегендерге жетишибиз керек. Биздин коррумпированный мамлекет экенин алар да билип алып, “коё тур ким президент болгондо анан сүйлөшөбүз, качан премьер-министр болгондо ошону менен сүйлөшөбүз” деген саясатты жүргүзүп атат. Бул факт, өзүңүз далилдеп бердиңиз ушуну. Ошондуктан мен ойлойт элем, Феликс Шаршенбаевич, бүгүн Кыргызстанда дагы бир чоң саясий нерсе болгону турат. Мен сегиз киши жазылганда эле түшүндүм. Мүмкүн мен жаңылармын, бүгүн сиз өтпөйсүз. Саясат таптакыр башкача болуп атат. Кандидатураңыз өтпөйт. Ошондуктан бир эрктүүлүктү көрсөтүп, “премьер-министр катары мен иштей албайт экемин, тарта албайт экемин, бир жарым жылдан бери тарта алган жокмун” деп туруп жигитче өзүңүз кандидатураңызды алып койсоңуз, менин оюмча туура болгону турат.

Ооба, Докем мени күнөөлөп кетти, убагында представление жазгансың деп. Революциядан кийин мен сизди колдогом. Андан кийин да колдодум. Ошол Акаевдик режимде куунуткталган адам деп эсептегемин. Бирок тандем болгондон кийин силер бардык революциялык идеяларды сатып кетпедиңерби. Эмнени өзгөрттүңөр? Бүгүн кайда барсам мени күнөөлөйт. Дооронбек Садырбаев сиздин эпизоддо гана мени күнөөлөп койду. Элди араласам- азыр мен элди аралагандан коркуп калдым - сен Акаевди куугансың, сен Бакиевди алып келгенсиң обед кылып отурган жеринен, сен Куловду түрмөдөн чыгаргансың, сен жооп бересиң тарых алдында деген адамдар көбөйүп кетип атат күндөн-күнгө. Ошондуктан сиз экөөбүз тарых алдында жоопкерчилигибиз бар, Курманбек Салиевичтин дагы. Мен ойлойм, эгерде реформа кылып, жакшынакай ошол режимдерди сындырып, жок эле дегенде мыйзам салып койгон 5 объектини кайтарып койгондо элде кичине ишеним болот эле. Келечекте муундардын ырыскысы болгон нерсени ХИПИКке кирип, “ошолордун айтканындай кылалы деп жүргүзүп аткан саясатка барам, мен ХИПИКти колдойм” деген премьер-министрди мен колдой албайм. Кечирип коюңуз.
Куржундар
XS
SM
MD
LG