Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 21-февраль, 2020 Бишкек убактысы 06:18

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ: КУЛОВ ЖҮРГӨН ЖЕРДИН БААРЫНДА ЧЫР-ЧАТАК, КЫЛМЫШ…


(Жогорку Кеңеште 18-январдагы жыйында сүйлөгөн сөзү)

Урматтуу депутаттар! Урматтуу коноктор! Кыйла жылдар бою саясаттын ысыгына, күйүшүп, суугуна бирге тоңушуп кеткен иним Мелис Асаналиевич менен бүгүнкү күнү бир адамдын тагдыры жөнүндө сөз болуп жатканда жолубуз кайчылаш чыгып калганына мен өтө өкүнөм. Ошого карабастан Мелис Асаналиевич мен сизге айта кетейин. Кыргыздын мамлекеттүүлүгүн түптөгөн, кыргыздын атын кылымдарды карытып сактап калган Манас өлгөндө өлбөгөн кыргыз, 1916-жылы орустар каарын салганда, тукум курут болуп кетпеген кыргыз, Акаевсиз бүт кыргыз аттуу түгөнүп калат деп бардыгыңар идеология жүргүзүп жатканда, Акаев качып кеткенден кийин жок болуп кетпеген жер жүзүнөн кыргыз бүгүн Феликс Куловдун премьер-министрликке дайындалганынан кылы кыйшайып койбойт. Буга ишенип коё бериңиз.

Экинчиден, өтө жаш коллегама оппонент болуудан баштайын дедим эле, Санжар балам. Оппозициянын катары көрүнгөн быкыр-чыкырды түртүп, бийликтен таарынгандарды тыга бере турган акыр-чикир таштаган чуңкур эмес. Оппозициянын өзүнүн билген идеологиясы бар. Сөз болгондо эле кыргызда көрөңгө түгөнгөнсүп сүйлөйсүңөр. Кошоматчылыктын дагы чеги болот. Мен, мисалы үчүн, силердин пикириңерди колдой албайм. Бакиев менен тандем болгондо ушул жерде «мен Бакиев менен «сен» деп сүйлөшөм» дегенден башка Феликс Шаршенбаевичтин эрдигин же жигердүү эмгегин билбеймин. Феликс Шаршенбаевич жөнүндө сөз болгондо эле кайсыл жерде жүрбөгүн - мен советтик жылдарды айта албаймын - тажрыйбалуу бир топко жашап калган адаммын. Мен азыр айтып берейин. Куловдун фамилиясы жүргөн жердин баары чыр-чатак. Куловдун фамилиясы жүргөн жердин баарында кылмыш иштери болуп жатат. Ал вице-президент болуп турганда Орусияга учак сатылды деген чыр-чатакка анын ысымы аралашып кеткен болчу. Курал-жарак сатылды деген чыр-чатакка аралашып кеткен.

Кумтөрдү канадалыктарга бербейбиз деп парламенттин мүчөлөрү болбой койгондо, легендарлуу парламенттин көрүн казып жоготкон Феликс Шаршенбаевич өзү болчу. Анан кийин Чүй облусунун губернатору болду. Ал учурда эки баштуу парламенттин автору болуп туруп мыйзам чыгаруу, эл өкүлдөр жыйыны деп дагы мамлекетти олку-солкулукка кириптер кыла турган идеянын автору да Феликс Шаршенбаевич болчу. Губернатор болуп турганда, мамлекетти көп миллиондогон чыгымга кириптер кылган «Химсинтез» деген фирманын чыр-чатагы дагы Феликс Шаршенбаевичтин ысымы менен байланыштуу болуп отурат. Андан кийин Улуттук Коопсуздук кеңешинин жетекчиси болду. Анда кимдир бирөөлөргө зордук жүргүзүү, кимдир бирөөлөрдү атып кетүү, өлүм жазасын буюруу Феликс Шаршенбаевичтин учурунда чыкты. Мени азыркы оппозициядагы чыныгы жаш оппозиционер балдар кызганып жатышат. Мага нааразы болуп жатышат. «Эмне үчүн Садырбаевге эки жолу өлүм жазасы буюрат да, бизге бир дагы буйрук болгон жок» деп. Феликс Шаршенбаевич Улуттук Коопсуздук кеңешин башкарып турганда, биринчи жолу мага өлүм жазасын нарындыктар буйрук кылган. Эми премьер-министр болуп турганда жалалабаттыктар Текебаев, Бекназаров менен мени өлүм жазасына буюруп отурушат.

Ал эми ошол эле СНБнын төрагасы болуп турган кезинде менин кабинетимди Феликс Шаршенбаевичтин адамдары уурулукка кирип, менин документтеримди териштиргендин айынан биринчи жолу камакка түшкөн. «Үйрөнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы» дегендей ошол адаты дагы кармап, Текебаевдин кабинетине тыңчыларды киргизип, запистерди алып чыгып өзүнүн эң жакын шакирттерин ошол эле Мелис Асаналиевичти, Сариевди, Текебаевди, Алмаз Атамбаевдерди сатып кетпедиби. Анан эмне эле Феликс Шаршенбаевичти таптакыр таптаза адамдай көрөсүңөр. Эгер бүгүн бекитилбей калса, Кыргызстанда кан төгүлгөн кармаш башталгандай иш кылып жатасыңар. Мелис Асаналиевич, Феликс Шаршенбаевич өзү жалгыз эмес өкмөтү менен отставкага кеткенде бир чычкандын мурду канадыбы? Канаган жок. Жумурай журттун, улуу калктын тагдырын бир адам менен байланыштырууну токтотуш керек. Акаевдин атына дифирамбаларды айтып жүрүп бүттүңөр.

Азыр эле силердин алдыңарда айтып кетти: «мен саясий жактан түрмөгө жаткамын деп». Туура эмес бул. Менин кабинетиме тыңчыларды киргизгенде камалганын моюнга аламын. Ошону мен ушул жерде сиздердин көзүңөрчө моюнга алып коёюн. Феликс Шаршенбаевичтин пайдасына мен жалган көргөзмө бергенмин. Эгерде кылмыш ишин козгоп туруп, камай турган болсоңор мен депутаттык күбөлүгүмдү тапшырып, депутаттык кол тийбестигимди тапшырып, Кулов менен бирге соттун отургучунда отурууга макулмун. Бирок, мен жалгыз отурбайм. Мени менен Керимкулов, Комиссарова дегендер дагы отуруш керек. Себеби, Феликс Шаршенбаевичтин экинчи жолку экономикалык кылмышында Керимкулов менен Комиссарова күнөөнүн пайдасына барып, биз үчөөбүз колубуз менен жасаганды моюнубуз менен тартып чыгышыбыз керек. Мен башында эле айтканмын. Менин коллегам, мурунку баш прокурор болуп турган Азимбек Анаркулович Бекназаров өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Феликс Шаршенбаевичтин адамдарынан акча алганбы, же болбосо боору ооруганбы, Сиз мыйзамды бузуп туруп, туура эмес көрсөтмө жазгансыз. Эки кылмышка бир көрсөтмө жазгансыз. Анын эч кандай мыйзамдык чарасы болгон эмес.

Коррупцияны сурап жатасыңар, мына коррупция! Кулов менен Бекназаровду коррупция деп айтсак болот. Мына бул окуялардын баардыгына Алмаз Атамбаев, Болот Шерниязов, Өмүрбек Текебаев, ошол эле Бекназаровдун катышы бар. 24-мартта мен айткам, «ай балдар шашпагыла, Кыргызстанда Куловдон да башка адам бар. Эгерде ошончолук эле Куловду актагыңар келсе, ыңкылаптык жагдайга жараша Куловго эркиндик берели дагы ошол берене менен камалган, түрмөдө жаткан бардык кыргыздарга, Кыргызстандын атуулдарына берели дедик. Жок жерден дардаңдап бардыңар дагы, мына Болот Эсентаевич «сиз жөн отуруңуз мен чыгарып келем» деп чыгарып келди. Эми мына таластыктардын «Жерүй» кенин кимге кетиргенин билбей, таппай отурат. Кулов түрмөдө жатканда ушул жерде таластыктар Карабууранын чалдары бир жума жатышыптыр. Алар мага арызданып келиптир. Куловго боштондук бергиле деп асфальтта жарым жыл отурушкан чалдар мага ыйлап келишти. «Келгенибизге бир жума болду, Куловго бизди киргизип коёсуңбу, бизди кабыл албай жатат. Айта турган сөзүбүз бар эле деп». Сиздин ушул жерден парламенттен туруп кечирим сурап койгонуңуздан карабууралык чалдардын проблемалары чечилип калбайт.

Мунун баарын саясатташтырып кетти деп айтаарсыңар. Мен башка нерсени айтып берейин. Мен 2006-жылдын 30-июлунда Жогорку Кеңештин бир топ токтому игнорировать этип, жөн эле билгиси келбей, Кыргызстандын элин, жерин кыйла жамандыкка кириптер кылып отурду. Ноокендин депутаты экөөбүз демилге чыгарып, Майлысай шаарындагы электр лампасынын заводун сатып алгандардын токтомун өзгөртүп, элдин тагдырына мамлекеттүүлүк бийиктиктен туруп көз жүгүртүп коюңуз десек, билбестен игнорировать этип коюп, завод жоголду дагы майлысайлыктардын он миңге жакын адам акыр-чикир электр лампаларынын радиациялык калдыктарын теришип жүрүп, он миңге жакын, анын ичинде жаш балдар ден соолугунан ажырады. Экинчи жолу, «жигиттик, азаматтык кылып коюңуз, Феликс Шаршенбаевич. Пахтаабад районунда Ноокен районуна караганда эки эсе көп калк жашайт. Кыргызстандын малы Пахтаабад районунда Өзбекстанды көздөй эме кылып атат, ушу он сегин миң калк жашаган Сакалды деген айыл өкмөтүнө милициянын поселкалык бөлүмүн ачып бериңиз десем, каражат жоктугуна байланыштуу сиздин өтүнүчүнүз аткарылбайт депк атк елип оутрбайбы. Мына ошондон бери Сакалды айыл өкмөтүнүн алты жүз бодо малы, миңден ашык майда жандыгы Өзбекстанга уурдалып кетти. Кан какшап отурушат.

Ноокен районунда Арал деген айыл бар. 500 миң кожолук жашайт. Алардын тагдыры союздун маалында проблемасы жок курулуп калган экен. Марат Абдыразакович, Сиз Аралды эң сонун билесиз. Ал сиздин чоң атаңыздын учурунда курулуп калган. Беш миң киши жашаган эл ушул жаздан баштап коркунуч алдында турат. «Айланайын Феликс Шаршенбаевич, бир мамлекеттик бийиктиктен туруп, менин элиме жакшылык кылып коюңуз. Беш миң кожолук адам бир катуу сел жүрсө, айыл жок болуп кеткени турат. Караүңкүр дарыясын жеп жатат» десем, ага дагы кат жөнөтүптүр: «республиканын казынасында каражат жок болгондугуна байланыштуу сиздин суроолоруңуз канааттандырылбайт» деген.

Урматтуу депутаттар! Буга окшогон фактыларды айта берсем толтура. Феликс Шаршенбаевичтин талапкердигин, өзү айтып жатпайбы создуктурбагыла. Бүгүн чечсеңер чечип коёлук. Ишендирип коёюн. Феликс Шаршенбаевич премьер-министр болгондон, ал премьер-министр болбогонунан кыргыз мамлекетинин, кыргыз элинин, журтунун кылы кыйшайбайт. Кайра-кайра доңуз дей берсе, адам деле кээде кошкуруп коёт экен. Урматтуу депутаттар, силердин да кошкура турган кезиңер келди.
XS
SM
MD
LG