Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

'АКЫР ЗАМАНДЫН СААТЫ' ЭКИ МҮНӨТКӨ АЛДЫГА ЖЫЛДЫРЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 17-январда "Акыр замандын сааты" алдыга жылдырылды деген кабар келди. Ал эмне деген саат жана эмнени көрсөтөт?

1945-жылы Хиросима менен Нагасаки шаарларына өзөктүк бомбалар ташталганда, окумуштуулар - эми акыр заманга аз калды деп айта баштаган жана Чикаго шаарында чыккан "Атом окумуштууларынын бюллетени" деген журналдын мукабасынын бетине "Акыр заман саатынын" сүрөтү 1947-жылы биринчи жолу жарыяланган. Анда ал саат - түнкү он экиге жети мүнөт калды деген убакытты көрсөткөн жана илимпоздордун пикиринде, атомдук алааматка жети мүнөт калды деген коркунучту түшүндүргөн.

Чындыгында эч кандай саат жок жана анын сүрөтү гана кез-кезде ошол журналдын биринчи бетинде жарыяланып келет. Жалпысынан алганда, мындан 60 жыл мурда акыр заманга жети мүнөт калган болсо, эми андай алааматка беш эле мүнөт калып, убакыт өткөн сайын коркунуч күчөп баратат, бирок 60 жыл ичинде ал сааттын жебелери кээде артка да жылдырылып келген. Мисал үчүн, Михаил Горбачев СССРде "перестройка" баштап, Маскөө менен Вашингтон ортосундагы мамиле оңолгондо, 1988-жылы ал саат - он экиге 14 мүнөт калды деген абалга келтирилген, бардыгы болуп 60 жылдын ичинде сааттын жебелери 17 жолу жылдырылган, азыркы аракет - он сегизинчи.

Буга чейинки акыркы өзгөрүү Стратегиялык куралды кыскартуу боюнча эл аралык келишимден АКШ 2002-жылы чыгып кеткенде жасалган жана анда саат - он экиге жети мүнөт калды деген абалга келтирилген. 17-январда Лондон жана Вашингтон шаарларында белгилүү окумуштуулар журналисттер менен жолугуп, ал сааттын жебелери эки мүнөткө алдыга жылдырылды жана адамзат алааматка жакындады деп билдиришти.

Журналисттер менен өткөрүлгөн жолугушууга - атактуу британияык окумуштуу Стивен Хокинг да катышты. Ал өзү төрөлгөнүнөн шал жана бала кезинде сүйлөй да алчу эмес, бирок физиканы изилдеп, өзүнө компьютер аркылуу сүйлөй турган аспап да жазатып алган. Анын айтымында, алааматтын жакындаганына - өзөктүк коркунуч гана эмес, Жер шарындагы аба ырайынын өзгөрүп баратканы дагы таасир этүүдө:

"Хиросима жана Нагасакиден бери бир да согушта өзөктүк курал колдонулган жок. Анткен менен адамзат бирден ашык жолу андай акыр заманга өтө жакын болгон, бирок, бактыбыз бар экен, биз баарыбыз азырынча аманбыз. Азыр дагы биз ошондой алааматтын жарынын учунда турабыз, анткени акыркы мезгилде глобалдык климат дагы мурда болуп көрбөгөндөй өзгөрүп баратат. Ошондуктан окумуштуулар - адамзат азыр кандай коркунучка дуушар болгонун элге дагы, калк жетекчилерине да дагы бир жолу эстетиш керек деп чечти", - деди Хокинг 17-январда.

Илимпоздордун айтымында, андай коркунучка Иран менен Түндүк Кореяда жүргүзүлүп жаткан өзөктүк изилдөөлөр дагы салым кошту.

XS
SM
MD
LG