Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

ЖОГОРКУ КЕНЕШ КУЛОВДУН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОГОН ЖОК


Жогорку Кеңеш Феликс Куловдун премьер-министрликке талапкерлигин колдогон жок. Шайлоодо талапкерге 23 гана депутат колдоп добуш берди. 39 депутат каршы болду.

Феликс Куловдун талапкерлиги өтүүсү үчүн депутаттардын кеминде 38нин добушу керек эле. Бирок талапкер анчалык добуш ала алган жок. Эсеп комиссиясынын төрагасы депутат Бектемир Мурзубраимов добуш берүүнүн жыйынтыгын депутаттарга маалымдады:

"Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кызматына Феликс Куловду дайындоого макул 23, каршы 39 добуш берилген. Чечилди: Кыргыз Республикасынын премьер-министринин кызматына Куловду дайындоого макулдук берилген жок".

Жогорку Кеңештен колдоо таппай калган Феликс Кулов анын талапкерлигин президент кайра-кайра сунуштаарын айтып, бүгүнкү жыйынтыкты өкмөттүн декабрь айында кызматтан кетүүсү депутаттарды бир топ чочуркатканы менен түшүндүрдү.

Бирок Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиев Феликс Куловдун талапкерлигин кайра көрсөтүүгө мыйзам жол бербесин билдирди:

"Кайрадан Феликс Куловдун талапкерлигин киргизүүгө Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндөгү мыйзамдын 158 беренеси жол бербейт".

Бир эле талапкерди кайра-кайра киргизүүгө мыйзам жол бербесин белгилеген Масалиев, бирок саясий жол менен Феликс Куловдун талапкерлиги кайрадан Жогорку Кеңешке жолдонушу мүмкүндүгүн четке какпай, андай шартта добуш берүүгө жеке өзү катышпасын айтты.

“Арнамыс” партиясынын активисттеринин бири Бөдөш Мамырова маселе президенттин колунда деген ойдо:

"Эми бул президенттин чечимине жараша болот. Президент кимди алып чыгат ошого жараша болот".

Ал эми юстиция министринин милдетин аткаруучу Марат Кайыпов конституциянын өткөөл мезгилге байланыштуу бөлүгүндө бул нерсе так жазылбаганын айтып, маселе ачык бойдон калганын айтты:

"Маселе ачык бойдон калууда. Ачык дегенимдин себеби мындай: эгерде президент сунуш кылган премьер-министрликке талапкер инсан Жогорку Кеңештен колдоо албай калса, ошол талапкерди президент кайрадан сунуш кылганга укугу жок деген жазуу жок. Ошон үчүн мен айтып жатам президенттин жолу ачык деп. Кимди киргизет, канча жолу киргизет, канча талапкер киргизилет, бул маселе баш мыйзамда так каралган эмес".

Чындыгында, 30-декабрда кабыл алынган конституциянын өткөөл мезгилге байланыштуу бөлүмүндө “Президент Жогорку Кеңештин макулдугу менен өкмөт башчысын дайындайт” деген гана сөз жазылган. Бирок, жогоруда белгиленгендей депутаттар “Өкмөт жөнүндөгү”, “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзамдар бир эле талапкерди кайра-кайра киргизүүгө жол бербесин айтууда.

Байкоочулардын пикиринде, президент экинчи ирет да өтпөй турган талапкерди сунуштап, бирок үчүнчү жолу Феликс Куловдун талапкерлигин кайрадан алып чыгышы ыктымал. Мына ошондо бир эле талапкерди кайра-кайра киргизүүгө болбойт деген мыйзам талабын бузбоого болот. Депутат Темир Сариев белгилегендей, үчүнчү жолу премьер-министрликке көрсөтүлгөн талапкерди парламент бекитип берүүгө аргасыз болот. Анткени депутаттар таратуудан чочулашат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG