Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

ФЕЛИКС КУЛОВ: ПЕРЗИДЕНТТИН МЕНИ КАЙРА-КАЙРА КӨРСӨТӨМ ДЕГЕН СӨЗҮ БАР


Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрликке сунушталган Феликс Куловдун талапкерлигин колдошкон жок. Добуш берүүдөн кийин парламенттин мындай кадамына саясатчылар өз бааларын беришти.

Парламент депутаттары премьер-министрликке сунушталган Феликс Куловдун талапкерлигин колодобой, басымдуу бөлүгү каршы добуш беришти. Бирок, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети бир күн мурдагы жыйынында президент сунуштаган Феликс Куловдун талапкерлигине колдоо көрсөтүшкөнүн жарыя кылган эле. Комитет төрагасы Исхак Масалиев жыйынга жыйырмага чукул депутат катышып, Куловдун талапкерлигине эч кимиси каршы болбогонун айткан. Депутаттардын бүгүнкү добуш берүүсү тескерисинче парламентте Куловго каршы адамдар басымдуулук кыларын көрсөттү. Добуш берүү бүткөндөн кийин премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов окуяга мындайча баа берди:

- Болуп өткөн окуяга баа бере турган болсом, менимче бул жерде биздин отставкага кеткенибиз абалга таасирин тийгизип койду. Анткени биздин отставкабыз депутаттарды тынчсыздандырып, өздөрүнүн келечеги жөнүндө ойлонтту. Бирок, президенттин менин талапкерлигимди кайра-кайра көрсөтөм деген сөзү бар. Ошондуктан мен ал жактан жакшы белги болот деп ойлойм.

Парламенттеги бүгүнкү окуя тууралуу Президенттин алдындагы адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акунга микрофон сундук:

- Мен башында эле айткам, жылкы теппей, жылан чакпай туруп эле өкмөттүн өткөн жылда отставкага кеткенинин кереги жок болчу. Анткени, 9-ноябрдагы конституциянын негизинде эле жашашыбыз керек болчу. Ошол конституция боюнча 2009-жылга чейин премьер-министр, президент болуп иштей беришсе болмок. Анан премьер-министр эмнеге отставкага кетти. Эгер "отставкага кет" деп президент менен премьер-министр сүйлөшкөн болсо, отставкага кетип парламентти таркаталы десе, анда булар отставкага кетип туруп, парламентти таркатыш керек болчу. Албетте анан парламент таркасын деп атса аны өткөрмөк беле.

- Мындан ары саясий кырдаал кандай өнүгүшү мүмкүн?

- Саясий кырдаал эми чатак болот. Ушул эле бойдон калбайт. Куловду эми кайта алып келсе да өтүшү кыйын. Парламенттин түрүн көрдүңөр. Башка талапкер келет, Даниярды алып келиши мүмкүн. Анын деле өтөөрүнө мен ишенбейм. Акыбал кыйын болот, ошондуктан жаңы конституцияга кол бойбош керек эле.

Ошондой эле түзүлгөн кырдаал тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековго суроо узаттык:

- Мындан ары деле абал эч нерсе болбойт. Эгерде конституция боюнча дагы бир жолу анын талапкерлигин киргизгенге президенттин укугу болсо, киргизгенге укугу бар. Андай укук жок болсо анда жаңы талапкер алып келиш керек. А Феликс Куловду иши жок калтырбаш керек, иш бериш керек.

- Кайра эле Куловдун талапкерлиги көрсөтүлүп, Жогорку Кеңеш таркатылат деген пикирлер бар. Буга эмне дейсиз?

- Менин билишимче конституцияда андай норма жок. Конституция боюнча жаңы талапкерлик кириши керек.

“Реформа үчүн” кыймылынын мүчөсү, депутат Темир Сариев эми президент парламентке жаңы талапкер сунушташ керек деген ойдо. Бул маселеге ал добуш берүү бүткөн соң түзүлгөн абалга өз көз карашын билдирип жатып токтолду:

- Өкмөт жөнүндө мыйзамга ылайык президент жаңы талапкерди сунушташ керек, премьер-министрдин ордуна . Аны парламент карап чыгып, макулдугун берет же бербейт. Эгер ал дагы добуш ала албай калса анда президент үчүнчү жолу сунуштайт. Үчүнчү жолу тең Жогорку Кеңеш макулдук бербей койсо, анда президент парламентти таркатууга мүмкүнчүлүк алат. Биз ойлойбуз азыр президент жаңы премьер-министрдин талапкерлигин бизге сунушташ керек. Мыйзамда жаңы талапкер деп жазылып турат.

Ошентип, эми жүрүш кезеги кайрадан президентке өттү. Айрым саясат талдоочулар президент кайра эле Куловдун талапкерлигин көрсөтөрүн болжолдошууда. Бул өз кезегинде президент менен парламенттин мамилесин дагы да татаалдантат деген пикир күч.

XS
SM
MD
LG