Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

ЕВРОПА МЕНЕН БЕЛАРУС ЖАКЫНДАШАБЫ?


Европа Кеңешинин мартабалуу өкүлү Беларуска аттанууда. Парламенттик Ассамблеянын президенти Рене ван ден Линден үч күн ичинде Беларустун тышкы иштер министри, парламент спикерлери, оппозиция мүчөлөрү жана жарандык коомдун мүчөлөрү менен жолугушмакчы. Линдендин визити Евросоюз Беларустагы жергиликтүү шайлоолор европалык эреже бузуулар менен өттү деп тапкандан кийинки мезгилге туура келүүдө. Бирок Европа тараптан орток мамиленин оңолушуна үмүт артып жаткандыгы байкалат.

Европанын акыркы диктатору саналган Александр Лукашенконун мекенине Европа Кеңешинин жетекчилери ат тезегин кургатпай каттап турбасы белгилүү. Голландиялык сенатор Рене ван дер Линден бул сапарга бир жыл даярданган экен. Ал биздин радиого алды менен көп кишилер менен кеңешкенин бышыктады. Анын ичинде Беларустун биргелешкен оппозициянын жетекчиси Александр Милинкевич ага сөзсүз барыш керек деп кеңеш бериптир.

Европа Кеңешине кирбеген Беларус менен ортодо байланыштын жоктугу өлкөнүн обочодо калышына алып келген, ошондуктан, Ван дер Линден өз сапарына көп үмүт артууда:

Европа кеңеши жана парламенттик ассамблея кууш да болсо, ортодо көпүрө салууга алы келет. Бул биздин милдетибиз. Беларуска ушун үчүн баратам.

Беларуста Парламенттик ассамблеянын жетекчиси студенттер, өкмөттүк эмес уюмдар, оппозиция мүчөлөрү, өкмөт жетекчилери, ошондой эле славян жана католик чиркөөлөрүнүн жетекчилери менен жолугушууну пландап жатат.

Европалык таасирлүү өкүлдүн сапары Беларус ара жолдо турган учурга туш келип жатканы да көңүл бурууга татыйт. Ушул айдын башында президент Лукашенко Орусиянын президенти Владимир Путин менен мунай-газдын баасы боюнча чатакташып калды. Талаштын айынан орус мунайын Беларус аркылуу Европага жеткирүү үзгүлтүккө учурап, кийин кайра калыбына келди.

Мунай-газдын кымбатташын Орусия базар бааларына өтүүнүн зарылчылыгын бетке кармады. Бирок Лукашенко муну тетири түшүнүп, мунай ташууга салык киргизди. Акыры эки тарап өткөн жумада келишим түзүп, чатагын жөнгө салышты. Бирок бул кризис эки өлкөнүн алакасындагы олуттуу өзгөрүүдөн кабар берди. Адатта Маскөөгө ык тарткан Беларустун Орусия менен соңку чатагынан кийин, Европанын Беларуска таасирин күч алдырышына жагымдуу кырдаал түзүлүп жаткандай.

Ушул шейшембиде Европалык Кайра куруу жана өнүктүрүү банкы да саясатын өзгөртүп, Беларустун жеке менчик секторуна көбүрөөк аралашуу нийетин билдирди.

XS
SM
MD
LG