Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:52

СЕНАТОРЛОР БУШТУН ПЛАНЫНА КАРШЫ РЕЗОЛЮЦИЯ ДАЯРДАШТЫ


АКШ сенатында президент Буштун Иракта америкалык аскерлердин санын көбөйтүү планын айыптаган резолюциянын долбоору макулдашылды. Демократтар даярдаган документти республикалык партиянын айрым өкүлдөрү да колдоду. Резолюция жакынкы күндөрдө колго салынышы мүмкүн, бирок ал кабыл алынган күндө да милдеттүү күчкө ээ болбойт.

Долбоордо америкалык аскерлерди Ирактан чыгаруу маселеси коюлган эмес, бирок “Ирактагы уруштун улаарышы Кошмо Штаттарынын улуттук кызыкчылыгына төп келбей” турганы айтылат. Долбоорго демилгечи болгондордун бири – демократ сенатор Жозеф Байден документте көпчүлүк мыйзамгерлер – демократтар да, республикачылар да – америкалык аскерлердин санын көбөйтүү менен Ирактагы куралдуу жаңжалды күчөтүү каталык болорун белгилешкенин билдирди.

Резолюциянын долбооруна республикачыл сенаторлор,алардын ичинде Олимпиа Сноу жана Чак Хайгэл да кошулушту. “Менимче,тайпалар менен диний мазаптардын ич ара согушу казандай кайнап жаткан жерге кайта-кайта америкалык аскерлерди жөнөтө берүү жеткен жоопкерсиздикке жатат”, деп айтты сенатор Хайгэл.

Долбоор алдыдагы эки жуманын ичинде колго салынганы жатат. Конгрессте демократтар үстөмдүк кыларын эске алганда, документ колдоого алынарында калет жоктой көрүнөт. Бирок ал баары бир милдеттүү күчкө ээ болбойт. Ак үйдүн басма сөз катчысы Тони Сноу резолюция президенттин планына кедерги боло албай турганын белгиледи. ”Башкы аскери колбашчы катары президенттин милдеттери бар,аларды президент аткарат”, деп айтты Ак үйдүн өкүлү.

Багдадда бүгүн ар кайсы жерде дүрмөттөлгөн беш машина жарылып, жалпы эсепте он жети киши набыт болду.Жарадар болгондор саны отуздан ашты. Акыркы бир нече күндө эле Иракта 100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды.

XS
SM
MD
LG