Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:30

МОСКВАДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫК МИГРАНТТАР МАССАЛЫК ТҮРДӨ ОРУС ЖАРАНДЫГЫН АЛЫП ЖАТЫШАТ


Төрөкул Дооров, Москва Орусияда 15-январда чет-элдик мигранттарга тиешелүү жаңы мыйзамдар иштей баштаган бери бир эле Москва шаарында жумушка орношуу үчүн уруксат алуу өтүнүчү менен бийликтерге үч жарым миң адам арыз менен кайрылган. Бул тууралуу бейшембиде Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын Москвадагы бөлүмүнөн билдиришти. «Жаңы эрежелерге ылайык, чет-элдиктерге базарларда сатуучулук кылганга тыйуу салынат, андыктан Орусиядагы миңдеген кыргызстандыктар орус жарандыгын алууга ашыгып жатышат».

Ашырбек Атабаев - кесиби боюнча агроном, 46 жашта. Азыр болсо Москвада курулуш-материалдарын саткан «Строгино» деген ири базарда сатуучулук кылып жүрөт. Кыргызстанда өзү жакшы көргөн ишин эми минтип орус жериндеги оор жумушка алмаштырып олтурушу деле жыргагандыктан болгон жок. Кантсе да, мекенинде калган беш баласын багышы керек.

- Буга чейин Сузак районунда чоң бир чарба бар болчу «Минсовхоз» деген. Жалпы республикага атагы чыккан совхоз эле. Ошол жерден келдик. Жүзүм татааларды эми менчикке бөлүп беришкенден кийин агрардык жактан кароо жок, техника жетишпейт.

Эми орус базарларында чет-элдик жарандарга иштегенге тыйуу салынгандан кийин, Атабаев орус атуулдугун алуу үчүн документтерин тапшырган.

Ал эми Гүлнара Өмүрзакова Жалалабаттагы мектептердин биринде орус-тили мугалими болуп иштечү. Азыр эми Москвада жылтыракка гүл ороп сатып жүрөт. «Мен да орус атуулдугун алуу үчүн документтеримди тапшырып койгом», - дейт Гүлнара эже. Бирок баштап өзү орус жерине узак убакытка келем деген максаты болгон эмес.

- Мен, негизи, Орусияда такыр эле калайын деген ниетим жок болчу. Эгерде менин мамлекетим ошол эле Жалалабата менин айлык акымды 100 эле доллар кылып берсе, эч жерге жылбайт болчумун. Анткени мен өзүмдүн кесибим боюнча мыкты мугалиммин. Бир нече жыл бою окуу бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп жүргөм, мен өз кесибимди жакшы көрөм. Бирок эки балам бар. Аларды бутуна тургузуп, келечегин ойлоп гана бул жакта ушундай мусапырлык жашоону баштап кечирип жүрөм, - дейт Гүлнара эже.

Өз ишин мыкты билген мына ушул Гүлнара эжедей, же Ашырбек агадай адамдар бүгүн Москванын ар кайсыл четинен жүздөп табылат. Алардын көбү ушу тапта орус жарандыгын алып калуу аракетин көрүп жатышканын айтышууда.

Ушул аптада Москвада болуп кайткан Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Аликбек Жекшенкулов да бул жакта Орусия менен кош-атуулдук маселесин талкуулаганын билдирди. Анын айтымында, кош-жарандык – бул өтө татаал маселе. «Бирок Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан менен болгон мамилелерди эске алуу менен, азыр кош-атуулдук боюнча келишимди түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү баштаса болоорун билдирди», - деди Жекшенкулов.

Чынында эле, орус мыйзамдарына ылайык, кайсыл бир башка мамлекет менен кош-атуулдук мамилесине өтүш үчүн, алгач ошол өлкө менен бул боюнча тийиштүү келишим түзүлүшү зарыл.

Бирок бул жактагы, бир эле Москвадагы эмес, жалпы Орусиядагы, кыргызстандык мигранттар качан кош-жарандык киргизилет экен деп күтүп олтурбай эле, орус жарандыгын алууга киришишүүдө.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулдук кызматынын алдында ушу күндөрү топураган элдин кезеги турат. Консул Данияр Сырдыбаев «Азаттыкка» билдиргендей, өткөн 2006-жылы Москванын өзүндө эле 7 500 жакын кыргызстандык жаран орус атуулдугун алыш үчүн арыз менен кайрылган.

XS
SM
MD
LG