Линктер

шаршемби, 16-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:18

ИРАК МЕНЕН ИРАНДЫН АЙЛАНАСЫНДА АМЕРИКАЛЫК АСКЕРЛЕР ЧОГУЛУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Айрым маалымат каражаттары - Иранга каршы аскерий сокку урууга АКШ даярданып жатат деп жаза баштады. Ангтип айтууга кандай негиз катары - Перс булуңуна жакын аймакка жана Түркияга кошумча аскерлер жиберилип жатканы келтирилүүдө.

Акыркы күндөрдө Ирандын айланасында америкалык аскерлер чогула баштады. Үстүбүздөгү аптанын башында Түркиядагы Инжирлик деген америкалык базага "Ф-16" үлгүсүндөгү 16 америкалык учак келди, расми маалыматтарга караганда, алар түрк аскерлери менен машыгуу өткөрөт. Андан тышкары Ирандын деңиз жээгине жакын аймакка Тынч океандан "Стеннис" деген учак конуучу кеме жөнөтүлдү.

Мурда бул аймакта "Дуайт Эйзенхауэр" деген башка учак конуучу кеме бар болчу, ал дагы Иранды көздөй жыла баштады. Мындай кемелер эч качан жалгыз жүрбөйт. Мисал үчүн, "Стеннисти" дайым суу алдында жүрүүчү эки кеме жана жети жөнөкөй кеме коштоп жүрөт, анын үстүндө көптөгөн учак жана тик учма коно алат, бардыгы болуп болсо анын айланасындагы топко 16 миң аскер кирет.

Андан тышкары, январдын башында Ирактын Эрбил шаарындагы Ирандын консулдугу деп эсептелген кеңседе Ирандын беш жаранын америкалык аскерлер кармап кеткенин жана Ирак менен Ооганстандагы америкалык аскерлердин башчылыгына генерал эмес, адмирал Уильям Фаллон дайындалганын дагы айрым экперттер - Иранга каршы кандайдыр бир аракет даярдалып жатканынын белигиси катары баалап жатат.

Жакынкы Чыгыш маселелери боюнча белгилүү америкалык аскерий эксперт Энтони Кордесмандын айтымында, мындай даярдыктар сөзсүз эле Иран менен байланыштуу эмес: "Аскерлер чындап эле күчөтүлүп жатат. Ал аракеттер - Сомали, Ирак жана Ооганстан маселелери менен байланыштуу. Ирактагы сунни жана шийи лашкерлеринин аракеттерин токтотуу үчүн талаптуу чара көрөйүн десең, чындап эле алда канча көп аскер керек", - дейт Кордесман.

АКШ Конгресси былтыр мартта түзгөн атайын комиссия декабрдын алтысында өз отчетун чыгарып, Ирактагы абалды жөнгө салуу үчүн анын кошуна мамлекеттери Сирия жана Иранды сүйлөшүүгө тартыш керек жана Ирактагы аскерлерди акырындап чыгара башташ керек деп билдирген жана көптөгөн америкалык саясатчы андай сунушту туура деп тапкан. Анткен менен президент Жорж Буш 10-январда өзүнүн Ирак боюнча жаңы саясатын жарыялаганда, Иракка кошумча 21 жарым миң аскер жибериле турганын айтып, Ирактын ички иштерине кийлигишип жатат деп Сирия менен Иранды катуу сынга алды.

Айрым саясатчылар - Ирандын өзөктүк ишканаларына кошуна Израил сокку урушу мүмкүн жана америкалык аскерлер ошого колдоо көрсөтүү үчүн чогулуп жатат деген пикирде. Мисал үчүн, бир кезде Ирактын Осирак деген шаарында Франция өзөктүк реактор куруп бергенде, жөөт учактары Ирактын аба мейкиндигине кирип, аны 1981-жылы бомбалап жок кылып салган. Бирок Израилдин жетекчилиги - Иранга каршы дагы ошондой аракет даярдалып жатат деген жоромолду жокко чыгарууда.
XS
SM
MD
LG