Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

ИРАК СОГУШУНА КАРШЫ АМЕРИКАЛЫК КОНГРЕССТЕ БИРДИКТҮҮ САЯСАТ ЖОК


Нарын АЙЫП, Прага Иракта АКШ жүргүзүп жаткан согушка америкалык Конгрестин айрым мүчөлөрү каршы чыгып жатат, бирок сенаторлор менен конгрессмендер арасында бирдиктүү пикир жок жана бирдиктүү аракеттер да көрүлө элек.

Азырынча андай бирдиктүү аракет жок. Жалпысынын алганда, 7-ноябрда өткөрүлгөн шайлоодо америкалык шайлоочулар Ирактагы согушка каршы чыккан жана ошол себептен Конгресстин эки палатасындагы тең көпчүлүк Демократиялык партиянын колуна өттү. Анткен менен президет өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башчысы болгондуктан, Конгресстин каршылыгына карабай, Иракка кошумча аскер жиберүүнү чечти жана ал чечимин 10-январда жарыялады.

17-январда болсо бир нече сенатор жаңы резолюциянын долбоорун сунуштады. Ага ылайык, Иракка кошумча аскер жиберилбеш керек. Бирок президенттин жардамчыларынын айтымында, андай резолюцияны аткарууга президент милдеттүү эмес, ошондуктан, куралдуу күчтөрдүн башчысы чечим чыгаргандан кийин, кошумча аскерлер Иракка баары бир жиберилет.

Айрым башка сенаторлордун айтымында, андай милдеттүү эмес резолюция сунуштагандын ордуна, президент аткарууга милдеттүү болгон мыйзам кабыл алыш керек. Мисал үчүн, Вьетнам согушу учурунда Конгресс атайын мыйзам кабыл алып, ал согушка акча бөлбөй койгон жана америкалык аскерлер менен адистер Вьетнамдан шашылыш түрдө чыгарылып кеткен. Башкалардын пикиринде болсо, андай чара, бир чети, ансыз деле Ирактагы оор абалды ого бетер курчутушу мүмкүн, экинчи жагынан, АКШнын өзүнүн жетекчилигиндеги карама-каршылыктар өтө жогорку деңгээлге чыгып кетиши ыктымал.

10-январдагы резолюцияны Демократиялык партиянын атынан шайлангандар даярдаган, бирок президент Буштун Республикалык партиясына мүчө эки сенатор дагы аны колдогон. 18-январда болсо Республикалык партиянын атынан шайланган конгрессмен Уолтер Жонс - жаңы резолюциянын долбоору даярдалганын жарыялады. Айрым эксперттер азыр - АКШ өкмөтү Иранга каршы дагы аскерий сокку урушу мүмкүн деген пикирде жана конгрессмен Жонстун айтымында, ага алдын ала бөгөт коюш керек:

"Биздин Конгресс мурда өтө көп жолу өзүнүн конституциялык укуктарынан баш тартып, өлкөбүздү согуштарга катыштырууга президенттерге жол ачып берген. Биздин конституция боюнча, куралдуу күчтөрдүн башчысынын согуш жүргүзүүгө укугу болгону менен, андай согуш баштоого уруксатты Конгресс берүүгө тийиш. Ошондуктан Конгресс өзүнө ошондой жоопкерчиликти ала турган мезгил жетти", - деп билдирди конгрессмен Жонс.

Анын айтымында, 2003-жылдын мартында Иракка каршы согуш баштаганда, президент Конгрессти да, коомчулукту да алдап, согушка уруксат алган.

Анткен менен айрым демократтар дагы Ирактагы согушту токтотуу азыркы абалды ого бетер татаалдантат деген пикирде. Айрым республикалык депутаттар болсо президенттин саясатын колдогон сунуштарды киргизүүдө. Мисал үчүн, бир нече республикалык сенатор - Ирак согушун улантыш керек деген резолюция долбоорун даярдап жатат. 17-январда болсо бир нече республикалык конгрессмен - Ирак согушуна бөлүнүп жактан каражаттар кыскартылбаш керек деген резолюция долбоорун киргизишти.

XS
SM
MD
LG