Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

БИШКЕКТЕ БРИТАНДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛАТ


Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Британия адабияты жана билим берүү борборунун салтанаттуу ачылышы болот.

Британ кеңеши менен Улуттук китепкананын биргелешкен долбоорунун негизинде ачылып жаткан бул борбор заманбап материалдар менен ресурстарга жол ачып, көркөм адабият, англис тили боюнча сынактарга даярдануу үчүн окуу китептери менен камсыз кылат. Ошондой эле Британ билим берүү тармагы жөнүдө жана башка электрондук ресурстар боюнча маалыматтарды берет. Улуу Британиянын билим берүү жана маданият тармагындагы эл аралык уюму тарабынан аталган борборго инжил, куран жана эң акыркы классикалык басылмаларды камтыган “Миң жылдыктын китепканасы ” деген эмгектердин топтому берилген.

Заманбап техникалар менен жабдылган бул борбордун мүмкүнчүлүктөрү туурасында Улуттук китепкананы жетекчиси Жылдыз Бакашева мындай деди.

-Борбор мугалимдерге усулдук жаңы материалдар аркылуу адистигин өркүндөтүүгө багытталган, ал эми студенттерге Улуу Британиянын билим берүү жана маданий өнүгүүсү жөнүндө маалыматтарды бермекчи. Китепкагнанын окурмандары борбордун ресурстарын пайдалануу менен англис тилин өркүндөтүп, экзамендерге кенен даярдана алышат. Борборду ачууга керек каражатты британдык кеңеш көтөрдү. Бул өтө көп сумманы түзөт, андыктан биздин китепкана үчүн көрсөтүлгөн жакшы жардамдардын бири деп ойлойм.

Борбордун ачылыш аземине президенттик акимчиликтен, Жогорку Кеңештен, министрликтерден, элчиликтерден, бейөкмөт уюмдардан өкүлдөр жана жогорку окуу жайларынын окутуучулары менен студенттери чакырылган. Иш-чаранын алкагында британдык кеңештин өкүлдөрү тарабынан Улуу Британиянын жогорку окуу жайлары туурасында маалыматтар берилип, ал окуу жайларга сынак тапшыруу боюнча усулдук сабактар уюштурулат.

Мына ушундай түшүндүрүү иштери мындан ары да улантылып, китепкананын адистери өлкөдөгү китепканалар менен жогорку окуу жайларында кеп-кеңештерди берип турушмакчы. Жылдыз Бакашеванын айтымында, бул борбор ошондой эле интернет аркылуу экзамен тапшырганга мүмкүнчүлүк түзөт.

Буга чейин улуттук китепканада орус маданият жана адабият борбору ачылган. Эми алдыда казак адабияты жана маданияты борбору менен качкындарга жардам берүү борбору ачылмакчы.
XS
SM
MD
LG